Чынында, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдаттын эки рекетинде "Кул йа аййухал-каафируун" жана "Кул хуваллааху ахад" сүрөлөрүн окуйт эле.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصلاةصفة الصلاة
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
«Чынында, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдаттын эки рекетинде "Кул йа аййухал-каафируун" жана "Кул хуваллааху ахад" сүрөлөрүн окуйт эле.»
أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَرَأَ فِي رَكْعَتَيِ الْفَجْرِ: {قُلْ يَا أَيُّهَا الْكَافِرُونَ}، وَ{قُلْ هُوَ اللهُ أَحَدٌ}.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдаттын эки рекет сүннөтүндө "Фатихадан" кийин, биринчи рекетинде "Каафирун" сүрөсүн (кул йаа аййухал-каафируун), экинчи рекетинде "Ихлас" сүрөсүн (кул хуваллааху ахад) окууну жакшы көргөн.
Багымдат намазынын сүннөтүндө Фатиха сүрөсүнөн кийин бул эки сүрөнү окуу мустахаб.
Бул эки сүрө "Ихлас" сүрөлөрү (тазаруу сүрөлөрү) деп аталат. Анткени, "Каафирун" сүрөсү мушриктердин Аллахтан башка сыйынган бардык нерселеринен арылууну ичине камтыйт. Ошондой эле, алардын ширк келтирүүсү амалдарын текке кетиргендиктен, алар Аллахтын кулдары эмес экендиги жана сыйынууга Аллах таала Өзү гана татыктуу экендиги айтылат. Ал эми "Ихлас" сүрөсүндө Аллахты жалгыздоо (таухид), Аллахка болгон ыкылас жана Анын сыпаттарын баяндоо камтылган.
Сахих Муслим (1/ 502) (726).
Сахих Муслим (1/ 502) (726).
Дагы (4)
توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (2/ 390).
توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (2/ 390).