Аллах Таала кыямат күнү кийимин текеберлик менен сүйрөгөн адамга карабайт.
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Аллах Таала кыямат күнү кийимин текеберлик менен сүйрөгөн адамга карабайт».
«لاَ يَنْظُرُ اللَّهُ إِلَى مَنْ جَرَّ ثَوْبَهُ خُيَلاَءَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кийимди же изарды (белден ылдый кийилүүчү кийимди) текеберлик менен кызыл ашыктан ылдый түшүрүүдөн эскерткен. Ошондой эле ким ушундай кылса, кыямат күнү Аллах Таала ага мээрим назары менен карабай тургандыгы тууралуу катуу эскертүү берилгенин айткан.
Кийим — бул дененин белден ылдыйкы бөлүгүн жаба турган шым, узун көйнөк, изар (белден ылдый кийилүүчү кийим) сыяктуу бардык нерселерди камтыйт.
Кийимди кызыл ашыктан ылдый узун кийүүгө салынган тыюу эркектерге гана тиешелүү. Имам Навави мындай деген: «Аалымдар аялдарга кийиминин этегин узун кылып жүрүүгө уруксат экендигине бир пикирге (ижмага) келишкен. Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарга кийиминин этегин бир чыканакка чейин узун кылып сүйрөп жүрүүсүнө уруксат бергендиги тууралуу сахих хадис жеткен».
Шейх Ибн Баз мындай деген: «Жалпы хадистердин негизинде кийимди кызыл ашыктан ылдый түшүрүү (испал) — тыйылган жана арам амал болуп саналат. Ал эми анын жазасы ар кандай болот. Бирдей болушу шарт эмес. Анткени муну текеберлик менен максат кылган адамдын өкүмү, аны максат кылбаган адамдын өкүмүндөй эмес».
Шейх Ибн Баз мындай деген: «Аял киши — аврат (жабылуусу тийиш болгон дене мүчөсү), ошондуктан кийиминин этегин бир карыш ылдый түшүрүп жүрүүсүнө болот. Эгер ал жетишсиз болсо, анда кызыл ашыктан баштап бир чыканакка чейин узун кылсын».
Казы мындай деген: «Аалымдардын айтымында, жалпысынан алганда, кийимдин узундугу же кенендиги боюнча зарылчылыктан жана адаттагы өлчөмдөн ашыкча болгон нерсенин баары макрух (жактырылбаган амал) болуп саналат». Аллах — баарын Эң Жакшы Билүүчү!
Имам Нававий мындай деген: «Көйнөк жана изардын этегинин узундугу боюнча эң абзел өлчөм — шыйрактын жарымына чейин. Ал эми шыйрактын жарымы менен кызыл ашыктын ортосунда болушунда эч кандай күнөө жок. Андан ылдый түшкөнү — тозокто болот. Демек, эң абзел болгону — шыйрактын жарымына чейинки узундук. Ал эми макрухсуз (жактырылбаган иш болбостон) уруксат берилгени — андан ылдый кызыл ашыкка чейинки өлчөм. Ал эми кызыл ашыктан ылдый түшкөнү — тыйылган (арам) болуп саналат».
Шейх Ибн Усаймин хадистеги: «(Аллах ага карабайт)» деген сөз тууралуу мындай деген: «Башкача айтканда, бул жерде ырайым жана мээримдүүлүк назары менен кароо тууралуу сөз болуп жатат. Муну менен жалпы көрүү максат кылынган эмес. Анткени Аллах Таалага эч бир нерсе жашыруун эмес жана Анын көрүүсүнөн эч нерсе четте калбайт. Демек, бул жерде дал ошол ырайымдуулук жана мээримдүүлүк менен кароо гана максат кылынган».
Сахих ал-Бухари (7/ 141) (5783).
Сахих Муслим (3/ 1651) (2085).
Дагы (9)
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (4/ 283).
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (6/ 268).
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
للبسام (7/ 313).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 87).
فتاوى اللجنة الدائمة - المجموعة الأولى- (17/ 97).