Чындыгында, бейиште момун адам үчүн ичи көңдөй (оюк), бир эле берметтен жасалган чатыр бар. Анын бийиктиги (же узундугу) алтымыш мил. Анда момундун жубайлары болот. Ал аларды кыдырып турат, бирок алар бири-бирин көрүшпөйт.
Абу Муса Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Чындыгында, бейиште момун адам үчүн ичи көңдөй (оюк), бир эле берметтен жасалган чатыр бар. Анын бийиктиги (же узундугу) алтымыш мил. Анда момундун жубайлары болот. Ал аларды кыдырып турат, бирок алар бири-бирин көрүшпөйт».
«إِنَّ لِلْمُؤْمِنِ فِي الْجَنَّةِ لَخَيْمَةً مِنْ لُؤْلُؤَةٍ وَاحِدَةٍ مُجَوَّفَةٍ، طُولُهَا سِتُّونَ مِيلًا، لِلْمُؤْمِنِ فِيهَا أَهْلُونَ، يَطُوفُ عَلَيْهِمِ الْمُؤْمِنُ فَلَا يَرَى بَعْضُهُمْ بَعْضًا».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейиштеги бакыттын заңгыраган сарайлары менен чатырлары тууралуу кабар берип: «Бейиште ыйман келтирген адам үчүн ичи көңдөй, бир эле чоң берметтен (бермет таштан) жасалган чатыр болот. Анын асмандагы бийиктиги алтымыш милди түзөт. Бул чатырда момун адамдын жубайлары жашайт, бирок анын кенендигинен улам жубайлар бири-бирин көрүшпөйт. Ал эми момун адам алардын баарына айланып кирип турат», — деп айткан.
Бейиш ээлеринин нематтарынын улуулугун баяндоо.
Аллах алар үчүн даярдаган ырахаттарды баяндоо менен жакшы иш-амалдарды кылууга кызыктыруу, үндөө.
Дагы (8)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1288).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (3/ 345).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1288).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (3/ 345).