Кимдин бир тууганынын алдында анын абийирине тийген же башка бир нерседе акысы бар болсо, динар да, дирхам да калбай турган күн келе электе, бүгүн андан кечирим сурап, акысын кутулсун.
- التصنيف الشرعي
- العقيدةالإيمان باليوم الآخرالحياة الآخرة
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Кимдин бир тууганынын алдында анын абийирине тийген же башка бир нерседе акысы (зулумдугу) бар болсо, динар да, дирхам да калбай турган күн (кыямат) келе электе, бүгүн андан кечирим сурап, акысын кутулсун. Эгерде анын жакшы амалы болсо, кылган зулумдугунун өлчөмүндөй андан алынат. Ал эми жакшылыктары жок болсо, анда (зулумдук көргөн) жолдошунун күнөөлөрүнөн алынып, анын мойнуна жүктөлөт».
«مَنْ كَانَتْ لَهُ مَظْلَمَةٌ لِأَخِيهِ مِنْ عِرْضِهِ أَوْ شَيْءٍ فَلْيَتَحَلَّلْهُ مِنْهُ اليَوْمَ، قَبْلَ أَلا يَكُونَ دِينَارٌ وَلاَ دِرْهَمٌ، إِنْ كَانَ لَهُ عَمَلٌ صَالِحٌ أُخِذَ مِنْهُ بِقَدْرِ مَظْلَمَتِهِ، وَإِلَمْ تَكُنْ لَهُ حَسَنَاتٌ أُخِذَ مِنْ سَيِّئَاتِ صَاحِبِهِ فَحُمِلَ عَلَيْهِ». «مَنْ كَانَتْ لَهُ مَظْلَمَةٌ لِأَخِيهِ مِنْ عِرْضِهِ أَوْ شَيْءٍ فَلْيَتَحَلَّلْهُ مِنْهُ اليَوْمَ، قَبْلَ أَلا يَكُونَ دِينَارٌ وَلاَ دِرْهَمٌ، إِنْ كَانَ لَهُ عَمَلٌ صَالِحٌ أُخِذَ مِنْهُ بِقَدْرِ مَظْلَمَتِهِ، وَإِلَّمْ تَكُنْ لَهُ حَسَنَاتٌ أُخِذَ مِنْ سَيِّئَاتِ صَاحِبِهِ فَحُمِلَ عَلَيْهِ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман бир тууганынын абийирине, малына же канына тийип зулумдук кылган ар бир адамды — Кыямат күнү келе электе — бул дүйнөдө жүргөндө эле ошол зулумдук көргөн адамдан кечирим суроого буйруду. Ал Күнү (Кыяматта) өзүн куткаруу үчүн зулумдук кылган адамына бере турган алтын динар да, күмүш дирхам да пайда бербейт. Анткени ал Күнү өч алуу (акыны кайтаруу) жакшылыктар жана күнөөлөр менен гана болот: зулумдук көргөн адам зулумдук кылгандын жакшылыктарынан өзүнө жасалган зулумдуктун өлчөмүндөй алат. Эгерде зулумдук кылгандын жакшылыктары жок болсо, анда зулумдук көргөн адамдын күнөөлөрүнөн ошол зулумдуктун өлчөмүндөй алынып, зулумдук кылгандын мойнуна жүктөлөт.
Зулумдуктан жана зордук-зомбулуктан алыс болууга умтулуу.
Моюнга илинген акылардан тезирээк кутулууга үндөө.
Адамдарга зулумдук кылуу жана аларга ыза берүү – жакшы амалдарды бузуп, алардын сообун жок кылат.
Пенделердин акыларын ээлерине кайтарып бермейинче Аллах кечирбейт.
Динар менен дирхам – бул дүйнөдө пайда алып келүүчү каражат, ал эми Кыямат күнү – сооптор жана күнөөлөр.
Кээ бир аалымдар абийир маселесинде мындай дешкен: эгерде зулумдук көргөн адам (өзүнүн артынан сөз болгонун) билбеген болсо, анда ага муну билдирүүнүн кажети жок. Мисалы, бир жыйында аны тилдеп (ушактап), кийин тообо кылган болсо, анда ага барып айтуунун кереги жок. Бирок анын күнөөлөрүнүн кечирилишин тилеп, ал үчүн дуба кылуусу жана аны тилдеген жыйындарда анын жакшы жактарын айтып мактоосу керек. Мына ушул нерселер аркылуу ал анын акысынан кутулат.
Сахих ал-Бухари (3/ 129) (2449).
Сахих ал-Бухари (3/ 129) (2449).
Дагы (16)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 235).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 508).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 306).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
لعلي لقاري (8/ 3201).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 235).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (2/ 508).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 306).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
لعلي لقاري (8/ 3201).