Анастан: "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куран окуусу кандай эле?" - деп сурашканда, ал: "Анын кырааты созулуп окулчу", - деп жооп берди.
Катада айтат:
Анастан: «Пайгамбардын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куран окугандагы кырааты кандай болгон?» - деп сурашканда, ал: «Созулуңку болгон», - деп жооп берди. Андан соң ал: «Бисмиллахир Рохманир Рохиим (Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын)» [Фатиха: 1] - деп окуп, «Бисмиллахты» созуп, «Ар-Рахманды» созуп жана «Ар-Рахимди» созуп окуду.
سُئِلَ أَنَسٌ كَيْفَ كَانَتْ قِرَاءَةُ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ؟ فَقَالَ: «كَانَتْ مَدًّا»، ثُمَّ قَرَأَ: {بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ} [الفاتحة: 1] يَمُدُّ بِبِسْمِ اللَّهِ، وَيَمُدُّ بِالرَّحْمَنِ، وَيَمُدُّ بِالرَّحِيمِ.
Анас бин Маликтен (ага Аллах ыраазы болсун): "Пайгамбар (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды кандай окучу эле?" - деп сурашканда, ал: "Ал окуганда үнүн созуп окучу; Аллах сөзүндөгү "ха" тамгасынан мурунку "лам" тамгасын созчу, ар-Рахман сөзүндөгү "нун" тамгасынан мурунку "мим" тамгасын созчу жана ар-Рахим сөзүндөгү "ха" тамгасын созчу", - деп жооп берди.
Мад - созулма тамгаларды созуп окуу. Алар: «Алиф», «Вав» жана «Йа» тамгалары, эгерде алар үстүндө сүкүн белгиси болуп, алардан мурунку харакат аларга ылайыктуу келсе созуп окулат.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куран окууда көрсөткөн өрнөгү тууралуу айтылды.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыраат кылуу тартибин баяндаган иш жүзүндөгү түшүндүрмө.
Ас-Синдий мындай деген: "Анын (йамудду савтаху маддан) дегени – "созууга ылайыктуу тамгаларды созуп окуу" дегени. Муну менен ал терең ой жүгүртүүгө, пикир кылууга жана эскертме ала тургандарга эскертүү берүүгө жардам берет".
Тажвид жана Куран илимин билүүнүн маанилүүлүгү.
Тексттерди түшүнүүдө аалымдарга кайрылуу зарыл, Анастан (ага Аллах ыраазы болсун) суралганда ал суроо берүүчүгө баяндап берген сыяктуу.
Сахих ал-Бухари (6/ 195) (5046).
Сахих ал-Бухари (6/ 195) (5046).
Дагы (2)
عمدة القاري (20/55).
عمدة القاري (20/55).