Skip to content

Эгер кимдир бирөөңөр өзүнө жаккан түш көрсө, анда ал – Аллахтан, ал үчүн Аллахка мактоо айтсын жана аны айтып берсин. А эгер андан башка өзүнө жакпаган түш көрсө, анда ал – шайтандан. Анын жамандыгынан сактоону сурансын жана аны эч кимге айтпасын. Ошондо ал ага зыянын тийгизбейт.

Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уккан:

«Эгер кимдир бирөөңөр өзүнө жаккан түш көрсө, анда ал – Аллахтан, ал үчүн Аллахка мактоо айтсын жана аны айтып берсин. А эгер андан башка өзүнө жакпаган түш көрсө, анда ал – шайтандан. Анын жамандыгынан сактоону сурансын жана аны эч кимге айтпасын. Ошондо ал ага зыянын тийгизбейт».

«إِذَا رَأَى أَحَدُكُمُ الرُّؤْيَا يُحِبُّهَا فَإِنَّهَا مِنَ اللَّهِ، فَلْيَحْمَدِ اللَّهَ عَلَيْهَا وَلْيُحَدِّثْ بِهَا، وَإِذَا رَأَى غَيْرَ ذَلِكَ مِمَّا يَكْرَهُ، فَإِنَّمَا هِيَ مِنَ الشَّيْطَانِ، فَلْيَسْتَعِذْ مِنْ شَرِّهَا، وَلاَ يَذْكُرْهَا لِأَحَدٍ، فَإِنَّهَا لَنْ تَضُرَّهُ».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) түштө көрүлгөн туура, кубанычтуу түш Аллахтан экенин кабарлаган жана ал үчүн Аллахка мактоо айтууга, ошондой эле аны айтып берүүгө көрсөтмө берген. Эгер инсан өзүнө жакпаган жана капаланткан түш көрсө, анда ал – шайтандан. Андыктан, Аллахтан анын жамандыгынан сактоону сурансын жана аны эч кимге айтпасын. Ошондо ал ага зыянын тийгизбейт, анткени Аллах бул айтылгандарды түштөн келип чыгуучу жамандыктан аман калууга себеп кылган.

Хадистин пайдалары

Түштүн түрлөрү: 1- Туура түш: Ал – Аллахтан болгон чындык түш жана сүйүнчү, аны адам өзү көрөт же ал үчүн көрүлөт. 2- Ички ойлор: Бул – адамдын ойгоо кезинде өзү менен өзү сүйлөшкөн нерселери. 3- Шайтандын кайгыртуусу, коркутуусу жана андан болгон үрөй учуруулар: Бул — адам баласын кайгыртуу үчүн (шайтандын амалы).

Жакшы түш тууралуу айтылгандардын жыйынтыгы үч нерсе: Ал үчүн Аллахка мактоо айтуу, ага кубануу жана аны жаман көргөн адамдарына эмес, жакшы көргөн адамдарына гана айтып берүү.

Өзүнө жакпаган түш көргөндөгү адептердин жыйынтыгы беш нерсе: Аллахтан түштүн жана шайтандын жамандыгынан сактоону сурануу, уйкудан ойгонгондо сол тарабына үч жолу түкүрүү, аны такыр эч кимге айтпоо жана кайра уктоону кааласа, жаткан тарабынан башка тарабына оодарылып жатуу. Ошондо ал ага зыянын тийгизбейт.

Ибн Хажар минтип айткан: "Мунун даанышмандыгы, эгерде ал жакшы түшүн өзү жактырбаган адамга айтып берсе, ал жек көрүүсүнөн же көрө албастыгынан улам аны ал жактырбагандай кылып жоруп коюшу мүмкүн. Натыйжада түш ошол сыпатта орундалып калышы, же болбосо ушунун айынан өзүнө кайгы жана капалык алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, ушул себептүү түштү өзү жактырбаган адамга айтпоого буйрулган."

Нээмат-жакшылыктар келгенде жана жакшылыктар жаңыланганда Аллахка мактоолорду айтуу, бул алардын дайыма уланып туруусуна себеп болот.

Булактар

Сахих ал-Бухари (9/ 43) (7045).

Дагы (10)

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (11/ 181).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 370).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص510).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 124).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 657).