Skip to content

(Соодада) ант ичүү товарды өтүмдүү кылат, бирок тапкан пайданын берекесин кетирет.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:

«(Соодада) ант ичүү товарды өтүмдүү кылат, бирок тапкан пайданын берекесин кетирет».

«الْحَلِفُ مَنْفَقَةٌ لِلسِّلْعَةِ، مَمْحَقَةٌ لِلرِّبْحِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) соода-сатыкта, атүгүл айткан сөзү чын болсо да, ант ичүүдөн жана көп убада берүүдөн катуу кайтарып эскерткен. Ал мунун товардын өтүшүнө себеп болорун, бирок табылган пайда менен кирешенин берекесин кетирип, жок кыларын кабарлаган. Ошондой эле, Аллах Таала андай адамдын мал-мүлкүн жок кыла турган кырсыктарды — уурулук, өрт, сууга чөгүү, тартып алуу, тоноо же мал-мүлкүн зыянга учуратуучу башка балээлерди жибериши мүмкүн экендигин эскерткен.

Хадистин пайдалары

Аллахтын аты менен ант ичүүнү улуктоо жана зарылчылык болгондо гана ант ичүүгө болот.

Арамдан табылган акчанын көлөмү канчалык көп болсо да, анын берекеси жок жана анда эч кандай жакшылык болбойт.

Кари мындай деген: «Тапкан мал-мүлктүн берекесинин кетиши төмөнкү учурларда болот: же мал-мүлк зыянга учурайт, же адам аны бул дүйнөдө өзүнө пайда, ал эми акыретте сооп алып келбей турган пайдасыз нерселерге сарптайт, же ал мүлк өзүндө калганы менен, анын жакшылыгынан куру калат, же болбосо аны өзүнө ыраазычылык (алкыш) айтпай турган адамдар мураска алат».

Имам Навави мындай деген: «Мында соода-сатыкта көп ант ичүүгө тыюу салынган. Себеби зарылчылыксыз ант берүү — макрух. Буга товарды (тез) өткөрүү максаты да кошулганда, сатып алуучу анын антына алданып калышы мүмкүн».

Көп ант ичүү — ыймандын жана тавхиддин (бир кудайлык ишенимдин) кемчилдигин билдирет. Анткени ашыкча ант берүү эки терс көрүнүшкө алып келет: биринчиси — антка жеңил жана кайдыгер кароо, экинчиси — жалганчылык. Себеби кимдин анты көбөйсө, ал эртеби-кечпи жалган сүйлөөгө дуушар болот. Андыктан антты азайтуу жана зарылчылыксыз ант ичпөө керек. Ошол себептен Аллах Таала Куранда: «Антыңарды сактагыла»,— деп буйруган (Маида сүрөсү, 89-аят).

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 60) (2087).

Сахих Муслим (3/ 1228) (1606).

Сахих ал-Бухари (3/ 60) (2087).

Сахих Муслим (3/ 1228) (1606).

Дагы (12)

القول المفيد على كتاب التوحيد.

لابن عثيمين (2/ 457).

الملخص في شرح كتاب التوحيد.

لصالح الفوزان (ص404).

الجديد في شرح كتاب التوحيد.

لمحمد القرعاوي (ص452).

القول المفيد على كتاب التوحيد.

لابن عثيمين (2/ 457).

الملخص في شرح كتاب التوحيد.

لصالح الفوزان (ص404).

الجديد في شرح كتاب التوحيد.

لمحمد القرعاوي (ص452).