Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу
"Баары тагдыр менен болот. Жада калса жалкоолук жана шаттуулук да тагдыр менен болот». Башка риваятта: «шаттуулук жана жалкоолук» деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Эгерде Аллах бир пендени бир жерде өлүүнү тагдыр кылса, анда ага ошол жерде бир муктаждыгын жаратат».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жазып калтырган.
«Эй, бала! Мен сага ушундай (пайдалуу) сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун көрөсүң. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурасаң, анда Аллахтан жардам сура. Билип ал! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн баары сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган».
Сахих (ишенимдүү) Тирмизи жана башкалар риваят кылган
"Аллах Таалага таза, күнөөсү жок жолугуусу үчүн ыймандуу эркектин жана ыймандуу аялдын өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө ар кандай балээ, сыноолор боло берет".
Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.