Skip to content

"Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт

Жабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:

"Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт . А эгер кирип, бирок кирээрде Аллахты эстебесе, шайтан: Түнөктү таптыңар - дейт. А эгер тамактанаарда да Аллахты эстебесе, шайтан: Тамакты да, түнөктү да таптыңар - дейт.

«إِذَا دَخَلَ الرَّجُلُ بَيْتَهُ، فَذَكَرَ اللهَ عِنْدَ دُخُولِهِ وَعِنْدَ طَعَامِهِ، قَالَ الشَّيْطَانُ: لَا مَبِيتَ لَكُمْ، وَلَا عَشَاءَ، وَإِذَا دَخَلَ، فَلَمْ يَذْكُرِ اللهَ عِنْدَ دُخُولِهِ، قَالَ الشَّيْطَانُ: أَدْرَكْتُمُ الْمَبِيتَ، وَإِذَا لَمْ يَذْكُرِ اللهَ عِنْدَ طَعَامِهِ، قَالَ: أَدْرَكْتُمُ الْمَبِيتَ وَالْعَشَاءَ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйгө кирээрде жана тамак ичээрде Аллахты зикир кылууга буйруган. Эгер адам үйгө кирээрде, же тамактанаарда "Бисмиллаах" деп Аллахты эстесе, шайтан жан-жөкөрлөрүнө: Үйдүн ээси Аллахты зикир кылып силерден коргонгон бул үйдө, силерге түнөктүн да, тамактын да үлүшү жок - деп айтат. Ал эми киши үйүнө киргенде кирип баратып Аллахты зикир кылбаса жана тамактанаарда да зикир кылбаса, анда шайтан жан-жөкөрлөрүнө, алар бул үйдөн түнөк да, тамак да табууга жетишкенин кабарлайт.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Үйгө кирээрде жана тамактанаарда Аллахтын атын атап зикир кылуу жакшы көрүлгөн амал. Анткени, шайтан үйлөрдө түнөп алат жана эгер Аллахтын атын зикир кылышпаса, үйдүн жашоочуларынын тамагынан да жей берет.

Шайтан адам баласынын амалдарына, жүрүм-турумуна, дегеле бардык иштерине көз салып турат. Эгер ал Аллахты зикир кылууну эсинен чыгарса, шайтан андагы максатын ишке ашырат.

Зикир - шайтанды кууйт.

Бардык шайтанда анын сөзүнө кубанып, буйругун аткарган тарапташтары жана достору болот.

Булактар

Сахих Муслим (3/ 1598) (2018).

Дагы (8)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 50).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل المبارك (ص467).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 190).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 700).