Skip to content

Силердин эч кимиңер: «Оо, Аллах! Эгер кааласаң мени кечир, эгер кааласаң мага ырайым кыл, эгер кааласаң мага ырыскы бер»,– деп айтпасын. Сураганын чечкиндүү (бекем) сурасын. Анткени Ал Эмнени кааласа, ошону кылат. Эч ким Аны мажбурлай албайт.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Силердин эч кимиңер: «Оо, Аллах! Эгер кааласаң мени кечир, эгер кааласаң мага ырайым кыл, эгер кааласаң мага ырыскы бер»,– деп айтпасын. Сураганын чечкиндүү (бекем) сурасын. Анткени Ал Эмнени кааласа, ошону кылат. Эч ким Аны мажбурлай албайт». Муслимдин риваятында мындай деп айтылат: «Тескерисинче, суранганда толук ишеним менен, чечкиндүү сурасын жана тилегин (сураган нерсесин) мүмкүн болушунча чоң кылсын. Анткени Аллах үчүн берген эч бир нерсеси кыйынчылык туудурбайт (Ал үчүн баарын берүү өтө жеңил)».

«لاَ يَقُلْ أَحَدُكُمْ: اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي إِنْ شِئْتَ، ارْحَمْنِي إِنْ شِئْتَ، ارْزُقْنِي إِنْ شِئْتَ، وَليَعْزِمْ مَسْأَلَتَهُ، إِنَّهُ يَفْعَلُ مَا يَشَاءُ، لاَ مُكْرِهَ لَهُ». ولمسلم: «وَلَكِنْ لِيَعْزِمِ الْمَسْأَلَةَ وَلْيُعَظِّمِ الرَّغْبَةَ، فَإِنَّ اللهَ لَا يَتَعَاظَمُهُ شَيْءٌ أَعْطَاهُ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дубаны кандайдыр бир шартка, ал тургай Аллахтын каалоосуна байлап коюудан тыйган. Анткени Аллах Таала Өзү кааламайынча кечирбестиги белгилүү жана анык нерсе. Демек, каалоону шарт кылуунун эч кандай мааниси жок. Себеби каалоону шарт кылуу — өзү каалабаса да мажбурлоо сыяктуу жагдайлардын негизинде иш кылышы мүмкүн болгондорго гана тиешелүү. Ал эми Аллах Таала мындай кемчиликтерден аруу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) муну хадистин аягында: «Аны эч ким мажбурлай албайт»,— деп айтуу менен баяндаган. Ошондой эле Аллах Өзү берген нерселердин эч бирин чоң деп эсептебейт, Ал алсыз эмес жана Ага эч нерсе оор келбейт. Ошондуктан: «Эгер кааласаң...» — деп айтууга болбойт. Дубаны каалоого байлоо — бул Анын кечиримине муктаж эместей (беймуктаж) көрүнүүнүн бир түрү болуп саналат. «Эгер мага баланча нерсени берүүнү кааласаң, анда бер» деп айтуу, адатта, суралып жаткан нерсеге муктаждык жок болгондо же алсыз адамга карата гана колдонулат. Ал эми Кудуреттүү Заттан өтө муктаждык жана зарылчылык менен сурап жатканда, пенде дубасында чечкиндүү болуусу жана өзү сурап жаткан нерсеге өтө муктаж болгон жакыр адамдай сурашы керек. Ал Аллахка жалбаруусу тийиш, анткени Ал — Толук Беймуктаж жана бардык нерсеге Кудуреттүү.

Хадистин пайдалары

Дубаны Аллахтын каалоосуна байлоого тыюу салынган.

Аллах Тааланы Анын улуулугуна ылайык келбеген бардык кемчиликтерден таза (аруу) деп билүү керек. Себеби Анын мээрими чексиз, Ал эч нерсеге муктаж эмес жана Өтө берешен, Жоомарт.

Аллах Тааланын толуктугун (кемчиликсиздигин) тастыктоо.

Аллахтын алдындагы нерселерден чоң үмүт кылуу жана Аллах Таалага жакшы ойдо болуу.

Кээ бир адамдар өздөрү байкабастан дубаны Аллахтын каалоосуна байлап коюшат. Мисалы: «Аллах сени жакшылык менен сыйласын, ин шаа Аллах», «Аллах ага ырайым кылсын, ин шаа Аллах»,– деп айткандай. Жогорудагы хадиске таянсак, дуба кылганда мындай деп айтууга болбойт (жайыз эмес).

Булактар

Сахих ал-Бухари (9/ 140) (7477).

Сахих Муслим (4/ 2063) (2679).

Дагы (6)

الجديد في شرح كتاب التوحيد.

لمحمد القرعاوي (ص410).

الملخص في شرح كتاب التوحيد.

لصالح الفوزان (ص368).

القول المفيد على كتاب التوحيد.

لابن عثيمين (2/ 331).