Намаздарында көздөрүн асманга көтөргөн адамдарга эмне болгон? Ал бул тууралуу сөзүн катуулатып, атүгүл мындай деди: Алар мындан сөзсүз тыйылышсын, же болбосо алардын көздөрү тартылып алынат.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصلاةأخطاء المصلين
Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Намаздарында көздөрүн асманга көтөргөн адамдарга эмне болгон?" Ал бул тууралуу сөзүн катуулатып, атүгүл мындай деди: "Алар мындан сөзсүз тыйылышсын, же болбосо алардын көздөрү тартылып алынат."
«مَا بَالُ أَقْوَامٍ يَرْفَعُونَ أَبْصَارَهُمْ إِلَى السَّمَاءِ فِي صَلاَتِهِمْ»، فَاشْتَدَّ قَوْلُهُ فِي ذَلِكَ، حَتَّى قَالَ: «لَيَنْتَهُنَّ عَنْ ذَلِكَ أَوْ لَتُخْطَفَنَّ أَبْصَارُهُمْ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда дуба кылып жатканда же башка учурда көздөрүн асманга көтөргөн адамдарга катуу эскертти. Андан соң, мындай кылган адамдарга карата Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаза менен коркутуусу жана кайтаруусу күчөгөн. Ал алардын көздөрү тездик менен жулунуп алынып, көрүү неэматынан ажырап калганын өздөрү сезбей калуусунан кооптонгон.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кооз дааваты жана акыйкатты баяндоосу. Анткени ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каршы чыккан адамдын айыбын ашкерелеген эмес. Себеби максат акыйкатты баяндоо болгон жана ал ишке ашты. Ошондой эле мында каршы чыккан адамдын айыбын жашыруу бар жана бул кабыл алууга көбүрөөк өбөлгө түзөт.
Намазда асманга караган адамга катуу тыюу салынды жана катуу азап эскертилди.
«Авнул-маьбудда» айтылган: "Мунун себеби: эгер ал көзүн асманга көтөрсө, кыбыла тараптан чыгып, кыбыладан жана намаздын абалынан жүзүн бурган болот."
Намазда көздү көтөрүү хушууну жокко чыгарат.
Намаздын ордунун улуулугу. Чындыгында, намаз окуучу намазда Улуу жана Кудуреттүү Аллахтын алдында толук адеп менен болуусу керек.
Сахих ал-Бухари (1/ 150) (750).
Сахих ал-Бухари (1/ 150) (750).
Дагы (16)
كشاف القناع عن متن الإقناع.
لمنصور بن يونس البهوتي (2/ 404).
توضيح الأحكام شرح بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (2/ 101).
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (1/ 587).
منار القاري شرح مختصر صحيح البخاري.
لحمزة قاسم (2/ 159).
كشاف القناع عن متن الإقناع.
لمنصور بن يونس البهوتي (2/ 404).
توضيح الأحكام شرح بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (2/ 101).
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (1/ 587).
منار القاري شرح مختصر صحيح البخاري.
لحمزة قاسم (2/ 159).