Skip to content

Ким асыр намазын калтырса, анын амалы текке кетет" - деген.

Бурайда (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан:

Асыр намазын эртерээк окугула, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким асыр намазын калтырса, анын амалы текке кетет" - деген.

بَكِّرُوا بِصَلَاةِ الْعَصْرِ، فَإِنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «مَنْ تَرَكَ صَلَاةَ الْعَصْرِ فَقَدْ حَبِطَ عَمَلُهُ».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) асыр намазын убактысынан атайлап кечиктирүүдөн эскерткен. Ким кечиктирсе иш-амалдары жокко чыгып, текке кетерин айтты.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Асыр намазын абалкы убактысында окуу жана ушуга аракет кылуу керек.

Асыр намазын калтырган жана убактысынан кечиктирген адамга катуу эскертүү бар. Аны кечиктирүү башка намаздарды кечиктирүүдөн оор күнөө. Анткени ал Аллах Таала: "Намазыңарды, айрыкча ортоңку намазды бекем сактагыла" - деп баса белгилеген ортоңку намаз. (Бакара, 238-аят).

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 115) (553).

Муснад Ахмад (38/ 152) (23045).

Дагы (9)

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (5/ 56).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمصطفى الخِن وغيره (2/ 777).

فيض القدير شرح الجامع الصغير (3/ 206).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (2/ 260).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص614).