Skip to content

Чындыгында, Улуу жана Кудуреттүү Аллах уктабайт жана уктоо Ага ылайык эмес.

Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) биздин арабызда туруп, беш нерсени айтты:

«Чынында, Аллах Таала уктабайт жана Ага уктоо жарашпайт. Ал таразаны түшүрөт жана көтөрөт. Ага күндүзгү амалдан мурда түнкү амал, ал эми түнкү амалдан мурда күндүзгү амал көтөрүлөт. Анын пардасы – Нур (башка риваятта: От). Эгерде Ал аны ачса, Анын Жүзүнүн нурлары көрүүсү жеткен бардык макулуктарын өрттөп жибермек».

«إِنَّ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ لَا يَنَامُ، وَلَا يَنْبَغِي لَهُ أَنْ يَنَامَ، يَخْفِضُ القِسْطَ وَيَرْفَعُهُ، يُرْفَعُ إِلَيْهِ عَمَلُ اللَّيْلِ قَبْلَ عَمَلِ النَّهَارِ، وَعَمَلُ النَّهَارِ قَبْلَ عَمَلِ اللَّيْلِ، حِجَابُهُ النُّورُ -وَفِي رِوَايَةٍ: النَّارُ- لَوْ كَشَفَهُ لَأَحْرَقَتْ سُبُحَاتُ وَجْهِهِ مَا انْتَهَى إِلَيْهِ بَصَرُهُ مِنْ خَلْقِهِ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына кутпа айтып жатып, сүйлөм-сүйлөм кылып беш нерсени баяндады, алар: Биринчиси: Улуу Аллах Таала уктабайт. Экинчиси: Анын бардык нерсени башкарып, кармап туруу сыпатынын жана тирүүлүгүнүн кемчиликсиздигинен улам Ага уктоо мүмкүн эмес. Үчүнчүсү: Аллах Таала пенделеринин Өзүнө көтөрүлүп чыгуучу амалдарын жана жерге түшүүчү алардын ырыскыларын тартуу менен таразаны түшүрөт жана көтөрөт. Ар бир макулуктун үлүшү жана насиби болгон ырыскыны Аллах азайтып жана көбөйтүп өйдө-ылдый кылат. Төртүнчү: Пенделердин түндө кылган иштери күндүз болгонго чейин Ага көтөрүлөт. Ал эми күндүзү кылган иштери кийинки түнкү иштерден мурун көтөрүлөт. Сактоочу периштелер түнкү иштерди түн аяктаганда, күндүз башталганга чейин алып чыгышат. Ал эми күндүзгү иштерди күндүз аяктагандан кийин түндүн башында алып чыгышат. Бешинчи: Аруу-Таза Аллахты көрүүдөн тосуп турган пардасы – нур же от. Эгерде аны ачса, Анын Жүзүнүн жаркыроосу көзү жеткен бардык жаратылгандарды күйдүрүп жибермек; Анын Жүзүнүн жаркыроосу – бул Анын нуру, улуктугу жана көркөмдүгү. Мунун мааниси: Эгерде Аны көрүүгө болгон тоскоолдукту, башкача айтканда, тосмону ачса жана жаратылгандарына көрүнсө, Анын жамалынын нурлары көрүүсү жеткен бардык жараткандарын күйгүзүп жибермек; алар – бардык макулуктар; анткени Аллах Тааланын көрүүсү бардык жаратылышты камтып турат.

Хадистин пайдалары

Аллах Таалага уйкунун мүмкүн эмес экендигин баяндоо; анткени ал кемчиликтердин бири болуп саналат жана Аллах мындай кемчиликтеден аруу.

Аллах Таала Өзү каалаган пендесин урматтуу кылат жана Өзү каалаганын кордойт. Өзү каалаган пендесин туура жолго салат жана Өзү каалаганын адаштырат.

Амалдар Аллах Таалага ар бир күнү жана түнү көтөрүлөт. Мында пенделерди күнү-түнү Аллах Тааланын көзөмөлүндө экендигин сезүүгө үндөө бар.

Бул хадис Кемчиликтерден Аруу Аллахтын адилеттүүлүгүнө жана макулуктарынын иштерин мыкты башкаруусуна далил. Эч шексиз, бул Улук Аллахтын кемчиликсиз сыпаттарынан.

Аллах Тааланын тосмосу бар экендигин тастыктоо, ал – Аны менен жаратылгандарынын ортосундагы тосуп турган нур, эгер ал болбогондо, алар күйүп кетмек.

Ал-Ажуррий айткан: «Чындыгында, акыйкат ээлери Аллах Тааланы, Ал Өзү Өзүн сыпаттагандай, жана Анын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аны сыпаттагандай жана сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) Аны сыпаттагандай сыпатташат. Бул – сүннөттү ээрчиген жана бидаат киргизбеген аалымдардын жолу». Сөзү аяктады. Ал эми "Ахлу Сунна" Аллах Өзүнө таандык кылган ысым-сыпаттарды бурмалабастан, маанилерин жокко чыгарбастан, элестетпестен жана окшотпостон Ага таандык деп эсептеп, бекемдешет. Аллах Өзүнөн эмнени жокко чыгарган болсо, аларды Андан жокко чыгарышат жана жокко чыгаруу да, бекемдөө да айтылбаган нерселер тууралуу унчугушпайт. Аллах Таала минтип айткан: "Ага окшош эч нерсе жок жана Ал – Угуучу, Көрүүчү".

Аллах Тааланын сыпаты болгон "Нур" Анын тосмосу болгон нурдан башка. Анын тосмосу болгон нур – жаратылган нур. Демек, Аллах Тааланын нуру – Анын Өзүнө жана Затына ылайыктуу нур, Ага окшош эч нерсе жок. Ал эми пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көргөн нерсе – Аллах менен Анын пенделеринин ортосундагы тосмо гана.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 161) (179).

Сахих Муслим (1/ 161) (179).

Дагы (6)

شرح المرقاة (1/128).

فتح المنعم (1/581).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (5/ 82).

شرح المرقاة (1/128).

فتح المنعم (1/581).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (5/ 82).