Skip to content

Тескерисинче, минтип айткыла: «Уктук жана моюн сундук. О Раббибиз! Бизди кечир, кайтып баруу бир гана Сенин Өзүңө!»

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык. Ичиңердегини ачыкка чыгарсаңар да, же жашырсаңар да, Аллах силерди ал үчүн эсепке тартат. Анан Ал каалаганын кечирет жана каалаганын азапка салат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү» [Бакара: 284] – деген аят түшкөндө, бул (аят) Аллахтын элчисинин сахабаларына өтө оор тийди. Алар Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип, чөк тизелеп олтуруп: «О Аллахтын элчиси! Бизге намаз, орозо, жихад жана садага сыяктуу аткарууга чамабыз жете турган амалдар милдет кылынчу. Эми сага бул аят түшүптүр, буга биздин чама-чаркыбыз жетпейт го» - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Силер да өзүңөрдөн мурунку эки китептин ээлери сыяктуу: "Уктук жана каршы чыктык", – деп айткыңар келип турабы? Жок, тескерисинче: «Уктук жана моюн сундук. О Раббибиз! Бизди кечир, кайтып баруу бир гана Сенин Өзүңө» деп айткыла», – деди. (Сахабалар): «Уктук жана моюн сундук. «Уктук жана моюн сундук. О Раббибиз! Бизди кечир, кайтып баруу бир гана Сенин Өзүңө!» – дешти. Адамдар муну окуп, тилдери ага көнүп калганда, Аллах Таала мунун артынан эле: «Элчи анын өзүнө Раббисинен түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана момундардын баары Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине жана Анын элчилерине ыйман келтиришти. (Алар): "Элчилердин араларын ажыратпайбыз. «Уктук жана моюн сундук. О Раббибиз! Бизди кечир, кайтып баруу бир гана Сенин Өзүңө" деп айтышты» [Бакара: 285] – деген аятты түшүрдү. Алар ушундай кылгандан кийин, Аллах Таала ал өкүмдү жокко чыгарып, (төмөнкү аятты) түшүрдү: «Аллах эч бир жанга кудурети жетпеген ишти жүктөбөйт. Ар бир жандын жасаган жакшылыгы өз пайдасына, жамандыгы өз зыянына. О Раббибиз! Эгер унутсак же ката кылсак бизди азапка салба» [Бакара: 286]. (Аллах): «Ооба», – деди. «О Раббибиз! Бизге бизден илгеркилерге жүктөгөндөй оор жүктөрдү жүктөбө» [Бакара: 286]. (Аллах): «Ооба», – деди. «О Раббибиз! Биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди жүктөбө!» [Бакара: 286]. (Аллах): «Ооба», – деди. «Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл! Өзүң биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер!» [Бакара: 286]. (Аллах): «Ооба», – деди.

لَمَّا نَزَلَتْ عَلَى رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ {لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَإِنْ تُبْدُوا مَا فِي أَنْفُسِكُمْ أَوْ تُخْفُوهُ يُحَاسِبْكُمْ بِهِ اللهُ فَيَغْفِرُ لِمَنْ يَشَاءُ وَيُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ وَاللهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ} [البقرة: 284]، قَالَ: فَاشْتَدَّ ذَلِكَ عَلَى أَصْحَابِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَأَتَوْا رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ثُمَّ بَرَكُوا عَلَى الرُّكَبِ، فَقَالُوا: أَيْ رَسُولَ اللهِ، كُلِّفْنَا مِنَ الأَعْمَالِ مَا نُطِيقُ، الصَّلَاةَ وَالصِّيَامَ وَالجِهَادَ وَالصَّدَقَةَ، وَقَدِ اُنْزِلَتْ عَلَيْكَ هَذِهِ الآيَةُ وَلَا نُطِيقُهَا، قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَتُرِيدُونَ أَنْ تَقُولُوا كَمَا قَالَ أَهْلُ الكِتَابَيْنِ مِنْ قَبْلِكُمْ سَمِعْنَا وَعَصَيْنَا؟ بَلْ قُولُوا: سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ المَصِيرُ»، قَالُوا: سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ المَصِيرُ، فَلَمَّا اقْتَرَأَهَا القَوْمُ، ذَلَّتْ بِهَا أَلْسِنَتُهُمْ، فَأَنْزَلَ اللهُ فِي إِثْرِهَا: {آمَنَ الرَّسُولُ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِ مِنْ رَبِّهِ وَالمُؤْمِنُونَ كُلٌّ آمَنَ بِاللهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْ رُسُلِهِ وَقَالُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ المَصِيرُ} [البقرة: 285]، فَلَمَّا فَعَلُوا ذَلِكَ نَسَخَهَا اللهُ تَعَالَى، فَأَنْزَلَ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ: {لَا يُكَلِّفُ اللهُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا لَهَا مَا كَسَبَتْ وَعَلَيْهَا مَا اكْتَسَبَتْ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذْنَا إِنْ نَسِينَا أَوْ أَخْطَأْنَا} [البقرة: 286] " قَالَ: «نَعَمْ» {رَبَّنَا وَلَا تَحْمِلْ عَلَيْنَا إِصْرًا كَمَا حَمَلْتَهُ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِنَا} [البقرة: 286] قَالَ: «نَعَمْ» {رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلْنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِ} [البقرة: 286] قَالَ: «نَعَمْ» {وَاعْفُ عَنَّا وَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا أَنْتَ مَوْلَانَا فَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الكَافِرِينَ} [البقرة: 286] قَالَ: «نَعَمْ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Аллах Таала пайгамбарына (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү сөзүн түшүргөн кезде: "Асмандар менен жердеги нерселер Аллахка таандык (жаратууда, ээлик кылууда, тескөөдө жана башкарууда) эгер силер ачыкка чыгарсаңар да (ашкере кылып, жарыяласаңар да) ичиңердеги нерселерди (жана көкүрөгүңөрдөгү нерселерди) же жашырсаңар да (сыр тутуп, жүрөгүңөрдө жашырсаңар да, Кыямат күнү) Аллах силерден ошол нерселерди эсеп-китеп кылат". "Ал каалаган пендесин кечирет (Өз пазилети жана ырайымы менен). Жана каалаган пендесин азапка салат (Өз адилдиги менен). Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү (Аны эч нерсе алсыз калтыра албайт)". Сахабалар муну угушканда, бул аларга оор сезилди. Себеби бул аяттын маанисинде жада калса жүрөккө келип-кеткен ойлор үчүн да эсеп-кысап болору айтылган эле. Алар Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип, чөк тизелеп отурушту да: «О Аллахтын элчиси, буга чейин бизге намаз, орозо, жихад жана садага сыяктуу аткарууга чамабыз жеткен, дене менен аткарылуучу амалдар милдет кылынган болчу. Эми сизге бул аят түшүптүр, биз аны аткарууга алсыздык кылабыз го», - дешти. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга мындай деди: "Силер да жөөттөр менен христиандар: "Уктук жана каршы чыктык" дегендей дегиңер келип турабы? Андан көрө: "Уктук жана моюн сундук. О, Раббибиз! Сенин кечиримиңди тилейбиз жана Сенин алдыңа кайтып барабыз" деп айткыла". Сахабалар Аллахтын жана Анын элчисинин буйругуна жооп берип: "Уктук жана моюн сундук. О, Раббибиз! Сенин кечиримиңди тилейбиз жана Сенин алдыңа кайтып барабыз" дешти. Качан мусулмандар аны тилдери менен айтышканда жана алардын көңүлдөрү ага моюн сунганда, Аллах Пайгамбарга жана анын үммөтүнө мактоо катары мындай аят түшүрдү: "Элчи өзүнө Раббисинен түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана момундар да ыйман келтиришти". Жана алардын тилдери менен жүрөктөрү Аллахтын буйругуна моюн сунду. «Баары Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирди (жана) "Биз Аллахтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин ажыратып (ишенбей) койбойбуз" дешти". Тескерисинче, биз алардын баарына ыйман келтиребиз. "Жана алар айтышты: «(Сенин сөзүңдү) уктук жана (буйругуңа) моюн сундук. О Раббибиз, кечиримиңди (жана кечиришиңди) сурайбыз. (Эсеп кылынуучу күнү) кайтуу {жана баруу) Сага гана". Качан алар муну аткарышып, Аллахтын буйруктарын угуп, моюн сунгандыктарын билдирүү менен өздөрүнө айтууга буйрулган сөздөрдү айтышканда; Аллах бул үмөттөн оорчулукту жеңилдетип, ал аятты Өзүнүн төмөнкү сөзү менен алмаштырды: «Аллах эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн (кудуретинен, күчүнөн жана аракетинен) ашыкча нерсени жүктөбөйт. Анын өз пайдасына кылган (жана жасаган) жакшылыгынын (сыйлыгы) болот. Жана анын өз зыянына кылган күнөөсү (жана тапкан жамандыгына жараша) (жазасы) болот». Аллах эч кимди башка бирөөнүн күнөөсү үчүн жана өзүнүн напсиси азгырган нерселери үчүн жазалабайт. "Раббибиз! Бизди жазалай көрбө (жана азапка салба), эгер биз унутсак (эстебей калсак), же ката кылсак (атайылап эмес, туурасын аткарбай калсак)". Ошондо Аллах Таала алардын бул дубасын кабыл кылып: «Ооба, ушундай кылдым» деди. "О Раббибиз! Мойнубузга оор ишти жүктөбө (кыйынчылыкты жана оорчулукту) бизден мурункуларга жүктөгөндөй". Исраил урпактарына жана башкаларга. Ошондо Аллах кабыл кылып: «Ооба, ушундай кылдым" деди. "О Раббибиз! Биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди жүктөбө (биз көтөрүүгө алсыз болгон милдеттерди, балээлерди жана иштерди). Аллах Таала: «Ооба, ушундай кылдым» деди. "Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр (күнөөлөрүбүздү кеч жана аларды бизден өчүрө көр жана бизди кечир (күнөөлөрүбүздү жашыр жана аларды кече көр) жана бизге ырайым кыл (Өзүңдүн кең ырайымың менен). Сен биздин Кожоюнубузсуң (жана Эгебизсиң, аларга каршы согушууда жана жихад кылууда далилдерди тикелөө жана үстөмдүк кылуу менен) каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер". Ошондо Аллах дубаны кабыл кылып: «Ооба, ушундай кылдым» деди.

Хадистин пайдалары

Аллах даражасын көтөрүп: "(О Мухаммад!) Биз сени ааламдарга ырайым кылып жибердик" деген пайгамбары себептүү Аллах Тааланын бул үммөткө болгон ырайымы [Анбия: 107].

Курани Каримде өкүмдөрдү жокко чыгаруу бар экени, ошондой эле Куранда окула турган, бирок өкүмү жокко чыкканы үчүн ага амал кылуу токтогон аяттар бар экени.

Сахабалардын артыкчылыктары (аларга Аллах ыраазы болсун), алардын Аллахтын буйругуна моюн сунуусу жана баш ийүүсү, ошондой эле Анынэлчисинин (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) буйругун аткаруусу.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтү мурдагы үммөттөрдүн жолун жолдоп, Аллах Тааланын буйруктарын четке кагуусунан катуу корккондугу.

Аллах Тааланын буйругуна моюн сунуу жана Анын буйругуна каршы чыгуудан сактануу ваажыб. Мында китеп ээлерине окшошуу бар.

Бул үммөттүн мурдагы үммөттөрдөн артыкчылыгын баяндоо, анткени алар пайгамбарларына: «Уктук жана баш ийбедик» – деп айтышкан, ал эми бул үммөт: «Уктук жана моюн сундук» – деп айтты.

Үммөттөн кыйынчылыктын алынышы, унутканга жана ката кетиргенге жаза берилбестиги тууралуу дубанын кабыл болушу. Бул үммөттөн мурункуларга жүктөлгөн оор түйшүктөрдүн алынышы жана аларга күчү жетпей турган нерсенин жүктөлбөөсү.

Аллах Таала биздин моюнубузга чама-чаркыбыз жетпеген нерселерди жүктөбөйт жана бизди кудуретибизден ашыкча ишке буюрбайт. Ал эми көөдөнүбүздө айланган азгырыктарга (васвасаларга) келсек, эгерде биз аларга ыктабасак, аларга ынанбасак жана иш жүзүндө амал кылбасак, анда алар эч зыян келтирбейт.

Аллах Таала бул дубаны пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана момундар айтканын кабар берип, пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана сахабалардан кийин келгендердин дубасы болушу үчүн аны Өз китебинде баяндаган. Ошондуктан бул дубаны жаттап алып, көп айтышыбыз керек.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 115) (125).

Сахих Муслим (1/ 115) (125).

Дагы (4)

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (1/ 336).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (3/ 547).

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (1/ 336).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (3/ 547).