Skip to content

Адамдар жума намазын калтырууну токтотушсун! Болбосо Аллах алардын жүрөгүн мөөрлөп, анан алар капылеттеги адамдардан болуп калышат.

Абдуллах ибн Умар жана Абу Хурайра (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарынын үстүндө туруп мынтип айтканын угушкан:

"Адамдар жума намазын калтырууну токтотушсун! Болбосо Аллах алардын жүрөгүн мөөрлөп, анан алар капылеттеги адамдардан болуп калышат."

«لَيَنْتَهِيَنَّ أَقْوَامٌ عَنْ وَدْعِهِمُ الْجُمُعَاتِ أَوْ لَيَخْتِمَنَّ اللهُ عَلَى قُلُوبِهِمْ، ثُمَّ لَيَكُونُنَّ مِنَ الْغَافِلِينَ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарында туруп, шалаакылык жана жалкоолук менен эч кандай үзүрсүз жума намазын таштоодон жана ага катышпай коюудан эскерткен. Болбосо, Аллах алардын жүрөктөрүнө мөөр басып, аны жаап, чындыкты ээрчүүдөн тосо турган тосмо кылып коёрун, андан соң алар жакшылык себептеринен бейкапар калгандардан болуп, напсилери ибадаттардан жүз үйрүп каларын айткан.

Хадистин пайдалары

Жума намазына катышпай коюудан катуу эскертүү жана бул чоң күнөөлөрдөн болуп саналат.

Имам Навави мындай деген: "Хадисте жума намазы парз айн экени айтылган."

Хутба айтуу үчүн минбар колдонуу шариятта каралган.

Синдий мындай деген: "Мунун мааниси: сөзсүз эки нерсенин бири болот – же жума намазын калтырууну токтотуу, же Аллах Таала алардын жүрөгүн мөөрлөшү. Анткени, жума намазын калтырууну адат кылып алуу жүрөктү дат басуусун күчөтөт жана напсилердин ибадаттарга болгон кызыгуусун жоготот."

Насаат кылуучу жана эскертүүчү адам өзү насаат кылууну каалаган адамдардын атын ачык атабоосу зарыл, анын мындай кылуусунда насааттын кабыл болуусу жана буйруктарга моюн сунуу ишенимдүүрөөк болушу күтүлөт.

Булактар

Сахих Муслим (2/ 591) (865).

Сахих Муслим (2/ 591) (865).

Дагы (4)

النهاية في غريب الحديث والأثر (964).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (17/ 250).

النهاية في غريب الحديث والأثر (964).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (17/ 250).