Чындыгында, силердин мага эң сүйкүмдүүңөр жана кыямат күнү мага эң жакын орунда боло турганыңар – кулк-мүнөзү жакшыңар.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفقه الأخلاقالأخلاق الحميدة
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"«Чындыгында, силердин мага эң сүйкүмдүүңөр жана кыямат күнү мага эң жакын орунда боло турганыңар, кулк-мүнөзү жакшыңар. Ал эми, силердин мага эң жаман көрүлгөнүңөр жана кыямат күнү менден эң алыс орунда боло турганыңар – көп сүйлөгөндөр, кекирейип сүйлөгөндөр жана оозун толтуруп сүйлөгөндөр». (Жанындагылар): Оо, Аллахтын элчиси, көп сүйлөгөндөр менен кекирейип сүйлөгөндөрдү го билебиз, а оозун толтуруп сүйлөгөндөр кимдер? - деп сурашты. Ал: «Текеберлер» - деп жооп берди."
«إِنَّ مِنْ أَحَبِّكُمْ إِلَيَّ وَأَقْرَبِكُمْ مِنِّي مَجْلِسًا يَوْمَ القِيَامَةِ أَحَاسِنَكُمْ أَخْلاَقًا، وَإِنَّ أَبْغَضَكُمْ إِلَيَّ وَأَبْعَدَكُمْ مِنِّي مَجْلِسًا يَوْمَ القِيَامَةِ الثَّرْثَارُونَ وَالمُتَشَدِّقُونَ وَالمُتَفَيْهِقُونَ»، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ، قَدْ عَلِمْنَا الثَّرْثَارُونَ وَالمُتَشَدِّقُونَ فَمَا الْمُتَفَيْهِقُونَ؟ قَالَ: «الْمُتَكَبِّرُونَ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чындыгында бул дүйнөдө ага эң сүйкүмдүү жана кыямат күнү ага эң жакын орунда боло турганыңар – кулк-мүнөзү жакшыңар экенин, ал эми бул дүйнөдө ага эң жаман көрүлгөн жана кыямат күнү андан эң алыс орунда боло турганыңар – кулк-мүнөзү жамандарыңар экенин кабарлады. «Көп сүйлөгөндөр» – чындыктан алыстап, келжиреп көп сүйлөгөндөр, «кекирейип сүйлөгөндөр» – эч кандай абайлоосуз жана чектөөсүз, өздөрүн чечен көрсөтүп, сөздөрүн салмактуу кылып көрсөтүп, мактанып сүйлөгөндөр, «жана оозун толтуруп сүйлөгөндөр». (Жанындагылар): Оо, Аллахтын элчиси, көп сүйлөгөндөр менен кекирейип сүйлөгөндөрдү го билебиз, а оозун толтуруп сүйлөгөндөр кимдер? - деп сурашты. Ал: Адамдарды шылдыңдап, текеберленип, сөздү узартып жана аны менен оозун чоң ачып сүйлөгөндөр, - деп жооп берди.
Жакшы кулк-мүнөз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүйүүсүнө жетүүнүн жана Кыямат күнү ага жакын болуунун себептеринен, ал эми жаман кулк-мүнөз мунун тескериси.
Жакшы кулк-мүнөз адамдардын бири-бирине болгон сүйүүсүнө себеп болот, ал эми жаман кулк-мүнөз анын тескериси.
Жакшы кулк-мүнөздүү болууга, кичи пейил болууга, орой болбоого жана аша чаап кетпөөгө кызыктыруу.
Сөздү көбөйтүп, текеберленип, менменсинип жана жасалмаланып сүйлөөдөн эскертүү.
Сунан ат-Тирмизи (3/ 545) (2018).
Сунан ат-Тирмизи (3/ 545) (2018).
Дагы (8)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 676).
تحفة الأحوذي.
للمباركفوري (6/ 135).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 676).
تحفة الأحوذي.
للمباركفوري (6/ 135).
Китептерде келтирилген
6 КитептерДагы (6)
- الحقيقة المُبْهِرَة في العلاقة بين الإسلام والإنسان(إنّ من أحبكم إليَّ وأقربكم مني مجلساً يوم القيامة؛ أحاسنكم أخلاقاً)[130].
- دين الإسلام تعرضه نصوص القرآن وسنة خير الأنامعرض دين الإسلام بالأدلة النقلية(إن من أحبكم إليّ وأقربكم مني مجلساً يوم القيامة أحاسنكم أخلاقاً)[15]
- كتاب تعليم المسلم الجديد«إِنَّ مِنْ أَحَبِّكُمْ إِلَيَّ وَأَقْرَبِكُمْ مِنِّي مَجْلِسًا يَوْمَ الْقِيَامَةِ، أَحَاسِنُكُمْ أَخْلَاقًا»
- مجموعة زاد الحديث (1)الحديث 1«إِنَّ مِنْ أَحَبِّكُمْ إِلَيَّ وَأَقْرَبِكُمْ مِنِّي مَجْلِسًا يَوْمَ القِيَامَةِ أَحَاسِنَكُمْ أَخْلَاقًا»
- نبراس طالب (1)1«إِنَّ مِنْ أَحَبِّكُمْ إِلَيَّ وَأَقْرَبِكُمْ مِنِّي مَجْلِسًا يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَحَاسِنَكُمْ أَخْلَاقًا»
- نبراس طالب (5)1«إِنَّ مِنْ أَحَبِّكُمْ إِلَيَّ وَأَقْرَبِكُمْ مِنِّي مَجْلِسًا يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَحَاسِنَكُمْ أَخْلَاقًا»