"Бардык мас кылуучу ичимдиктер арак. Ал эми бардык мас кылуучу ичимдиктер арам. Кимде-ким бул дүйнөдө арак ичип жүрүп тообо кылбастан өтүп кетсе, акыретте аны иче албайт".
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтты:
"Бардык мас кылуучу ичимдиктер арак. Ал эми бардык мас кылуучу ичимдиктер арам. Кимде-ким бул дүйнөдө арак ичип жүрүп тообо кылбастан өтүп кетсе, акыретте аны иче албайт".
«كل مُسْكِرٍ خَمْرٌ، وكل مُسْكِرٍ حرام، ومن شرِب الخمر في الدنيا فمات وهو يُدْمِنُهَا لَمْ يَتُبْ، لَمْ يَشْرَبْهَا في الآخرة».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамды акылынан тайдырып, эсин кетире турган нерсенин баары, мейли ал суюк ичимдик болсун, мейли жей турган нерсе болсун, мейли жыттай турган түтүн болсун, баары хамр, мас кылуучу деп эсептелерин айткан. Акылдан кетире турган нерсенин баарына Аллах Таала тыюу салып, азын да, көбүн да арам кылган. Мындай мас кылуучулардын кайсы түрү болбосун, аны колдонуп, токтотпостон ичип жүрүп, тообо кылбай дүйнөдөн өтүп кетсе, ал бейиштеги насибинен куру калтырылып Аллахтын азабына дуушар болот.
Арактын арам болуусунун себеби анын мас кылгандыгында. Ошондуктан, бардык мас кылуучу нерселер арам.
Аллах Таала аракты анын коомду буза турган зыяны чоң болгону үчүн арам кылган.
Бейиште аракты ичүү анын ырахытынын жана нээмат жакшылыктарынын кемчиликсиздигинен кабар берет.
Кимде-ким бул дүйнөдө арак ичүүдөн напсисин тыя албаса, Аллах Таала бейиште аны ичүүдөн куру калтырат, анткени жаза күнөөнүн түрүнө жараша болот.
Өлүм сааты келгенге чейин күнөөлөргө тообо кылууга шашылуу зарыл.
Сахих ал-Бухари (7/ 104) (5575).
Сахих Муслим (3/ 1587) (2003).
Дагы (15)
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (8/ 519).
فتح ذي الجلال والاكرام بشرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (5/ 418).
توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.
للبسام (6/ 307).
معالم السنن.
وهو شرح سنن أبي داود.
للخطابي (4/ 264).
الفتح الرباني لترتيب مسند الإمام أحمد بن حنبل الشيباني.
للساعاتي (16/ 116).
فيض القدير شرح الجامع الصغير.
للمناوي (5/ 30).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
لعلي القاري (6/ 2382).
Китептерде келтирилген
6 КитептерДагы (6)
- سؤال وجواب حول الإسلام«كُلُّ مُسْكِرٍ خَمْرٌ، وَكُلُّ مُسْكِرٍ حَرَامٌ»
- قاموس الكبائر موسوعة الكبائر - المجموعة الأولى«كُلُّ مُسْكِرٍ خَمْرٌ، وَكُلُّ مُسْكرٍ حَرَامٌ، وَمَنْ شَرِبَ الخَمْرَ فِي الدُّنْيَا فَمَاتَ وَهُوَ يُدْمِنُهَا وَلَمْ يَتُبْ، لَمْ يَشْرَبْهَا فِي الآخِرَةِ» [96].
- قاموس الكبائر«كُلُّ مُسْكِرٍ خَمْرٌ، وَكُلُّ مُسْكرٍ حَرَامٌ، وَمَنْ شَرِبَ الخَمْرَ فِي الدُّنْيَا فَمَاتَ وَهُوَ يُدْمِنُهَا وَلَمْ يَتُبْ، لَمْ يَشْرَبْهَا فِي الآخِرَةِ» [96].
- كتاب تعليم المسلم الجديد«كُلُّ مُسْكِرٍ خَمْرٌ، وَكُلُّ مُسْكِرٍ حَرَامٌ»
- مجموعة زاد الفقه (4)«كُلُّ مُسْكِرٍ خَمْرٌ، وكُلُّ مُسْكِرٍ حَرامٌ».
- محرمات استهان بها كثير من الناسكل مسكر خمر، وكل مسكر حرام