Skip to content

Эй, Билал, Исламда сен аткарып, ага көп сооп үмүт кылган иш-амалың кайсы экенин мага айтчы.

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазында Билалга минтип айтты:

"Билал, Исламда кылган амалдарыңдын ичинен сен эң көп сооп үмүт кылган амалыңды мага айтчы. Анткени, мен бейиште бет алдымдан сенин бут кийимиңдин дабышын уктум". Ал: "Мен түн ичинде болобу же күндүзү болобу даарат алган сайын, сөзсүз ошол дааратым менен мага канча намаз окуу насип кылынган болсо, ошончо намаз окуймун. Өзүм эң көп сооп үмүт кылган мындан башка амалым жок" – деди.

«يَا بِلاَلُ، حَدِّثْنِي بِأَرْجَى عَمَلٍ عَمِلْتَهُ فِي الإِسْلاَمِ، فَإِنِّي سَمِعْتُ دَفَّ نَعْلَيْكَ بَيْنَ يَدَيَّ فِي الجَنَّةِ» قَالَ: مَا عَمِلْتُ عَمَلًا أَرْجَى عِنْدِي أَنِّي لَمْ أَتَطَهَّرْ طَهُورًا، فِي سَاعَةِ لَيْلٍ أَوْ نَهَارٍ، إِلَّا صَلَّيْتُ بِذَلِكَ الطُّهُورِ مَا كُتِبَ لِي أَنْ أُصَلِّيَ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүндө бейиште экенин көрдү. Анан Билал бин Рабахка: "Исламда сен аткарган напил амалдарыңдын ичинен эң көп сооп үмүт кылган амалыңды мага айтчы? Анткени, мен бейиште менин алдымда басып баратканың бут кийимиңдин дабышын уктум", - деди. Билал минтип айткан: "Мен жасаган амалдардын ичинен мен үчүн эң үмүттүүсү – түндүн же күндүздүн кайсы убагында дааратым бузулбасын, сөзсүз даарат алам, андан соң ошол дааратым менен Раббим үчүн мага канча насип кылынса, ошончо напил намаз окуйм".

Хадистин пайдалары

Билал (ага Аллах ыраазы болсун) көрсөткөн амалдын, тактап айтканда, ар дайым тазаланып, даарат алган сайын намаз окуунун артыкчылыгы жана анын эң көп сооп үмүт кылынган амалдардан болуп, бейишке кирүүнүн себептеринин бири экендиги.

Ар бир даараттан кийин намаз окуу мустахаб.

Өрнөк болгон адамдын же тарбиячынын шакиртинин иш-аракеттери тууралуу сурап-билүүсү: эгер ал жакшы болсо, анда бекем болууга үндөө, ал эми андай болбосо, андан тыюу үчүн.

Пайгамбардын, Билалдын бейиш ээлеринен экенине күбөлүккө өтүүсү.

Бул суроо багымдат намазында болгон, жана мында ал нерсенин анын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көргөн түшүндө болгондугуна ишаара бар, ал эми пайгамбарлардын көргөн түшү чындык.

Булактар

Сахих ал-Бухари (2/ 53) (1149).

Сахих Муслим (4/ 1910) (2458).

Сахих ал-Бухари (2/ 53) (1149).

Сахих Муслим (4/ 1910) (2458).

Дагы (4)

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (7/ 206).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (2/ 326).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (7/ 206).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (2/ 326).