Skip to content
نُوح /

Аят 23

71 : 23

Аят 23 of نُوح (71 : 23). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

نُوح Аяттар 28
Сүрө · نُوح
Kyrgyz · Hakimov
71 : 23

وَقَالُواْ لَا تَذَرُنَّ ءَالِهَتَكُمۡ وَلَا تَذَرُنَّ وَدّٗا وَلَا سُوَاعٗا وَلَا يَغُوثَ وَيَعُوقَ وَنَسۡرٗا

Жана (элдерге) “бут-кудайыңарды таштабагыла “Вадды” дагы, “Суваны” дагы, “Ягусту” дагы, “Яукту” дагы, “Насрды” дагы таштабагыла!” дешти.

Explanation & meanings · 1
  1. Нухтун эли “Вадд”, “Сува”, “Ягус”, “Яук” жана “Наср” деп аталган бут-кудайларга ибадат кылышчу. Аталган ысымдар Нух коомунун илгерки-илгерки заманда жашап өткөн олуя ата-бабаларынын ысымдары эле. Алар өлгөндө эл өтө кайгырып калган. Анан күндөрдүн биринде Шайтан келип адамдарга “Эгер азрети Вадд, Сува, Ягус, Наср жана Яуктарды сыйласаңар айкелдерин жасап, ибадат учурунда кыбыла тарапка коюп алгыла” деп азгырган. Эл олуялардын урматы үчүн муну жасаган. Анан алардан кийин келген муундар Аллах таалага дуба кылганда ушул олуяларды ортомчу кыла баштаган. Ушинтип отуруп, бир мезгилдердеги олуялар элдин кудайына айланып калган.