Skip to content
الحج /

Аят 2

22 : 2
الحج Аяттар 78
Сүрө · الحج
Kyrgyz · Hakimov
22 : 2

يَوۡمَ تَرَوۡنَهَا تَذۡهَلُ كُلُّ مُرۡضِعَةٍ عَمَّآ أَرۡضَعَتۡ وَتَضَعُ كُلُّ ذَاتِ حَمۡلٍ حَمۡلَهَا وَتَرَى ٱلنَّاسَ سُكَٰرَىٰ وَمَا هُم بِسُكَٰرَىٰ وَلَٰكِنَّ عَذَابَ ٱللَّهِ شَدِيدٞ

Аны көргөн күнүңөрдө ар бир эмизүүчү өз баласын унутуп калат, ар бир кош бойлуу жаныбар боюндагысын түшүрүп салат. Сен (ал күндө) адамдарды нес-мас абалында көрөсүң. Чынында, алар мас эмес. Бирок, Аллахтын азабы катуу!

Explanation & meanings · 1
  1. Кыямат кайым, болуп көрбөгөндөй коркунучтуу окуялар менен башталат: Асман оролуп, жылдыздар өз огунан чыгып, төгүлүп-чачылып кетет. Тоолор ошончолук жерге бекем кагылганына, ошончолук салмагына, бекемдигине карабай абада тытылган жүн сыяктуу учуп жүрөт.., ж.б.у.с алааматтар сөзсүз кулак укпаган шоокум менен болору дайын. Ал күндө бардык энелер эмизип турган баласын унутуп коёт. Коркуунун күчтүүлүгүнөн! Адамдар акылы башынан учуп, мас сыяктуу болуп калышат!