Skip to content
Кахф /

Аят 50

18 : 50

Аят 50 of Кахф (18 : 50). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

Кахф Аяттар 110
Сүрө · Кахф
Kyrgyz · Hakimov
18 : 50

وَإِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ كَانَ مِنَ ٱلۡجِنِّ فَفَسَقَ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهِۦٓۗ أَفَتَتَّخِذُونَهُۥ وَذُرِّيَّتَهُۥٓ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِي وَهُمۡ لَكُمۡ عَدُوُّۢۚ بِئۡسَ لِلظَّٰلِمِينَ بَدَلٗا

(О, Мухаммад!) эстегин, Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бир Иблистен башка бардыгы сажда кылышты. Ал жиндер тайпасынан эле. Раббисинин буйругуна каршы чыкты. Эми, силер Мени таштап, ошол Иблис менен анын укум-тукумдарын өзүңөргө дос-башчы кылып жатасыңарбы?! Алар силердин душманыңар го! Залымдардын (Дос-Раббини душман-шайтанга) алмаштырганы кандай жаман!

Explanation & meanings · 1
  1. Башка бир аятта Аллах таала айткан: «Аллах ыймандуу адамдардын досу. Аларды караңгылыктардан Нурга чыгарат. Каапырлардын досу – Таагут. Ал аларды Нурдан караңгылыктарга чыгарат». «Таагут» деп адамдарды Аллахтын ибадатынан азгырган нерселерге же болбосо, адамдар сыйынган Аллахтан башка жалган кудайларга айтылат. Таагуттун эң чоңу – шайтан.