Skip to content
الإسرَاء /

Аят 110

17 : 110
الإسرَاء Аяттар 111
17 : 110

قُلِ ٱدۡعُواْ ٱللَّهَ أَوِ ٱدۡعُواْ ٱلرَّحۡمَٰنَۖ أَيّٗا مَّا تَدۡعُواْ فَلَهُ ٱلۡأَسۡمَآءُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ وَلَا تَجۡهَرۡ بِصَلَاتِكَ وَلَا تُخَافِتۡ بِهَا وَٱبۡتَغِ بَيۡنَ ذَٰلِكَ سَبِيلٗا

Айт: «(О, момундар кааласаңар) «Аллах» деп дуба кылгыла, (кааласаңар) «Рахман» деп дуба кылгыла. Эмне деп дуба кылсаңар да, Анын эң мыкты ысымдары бар. (Оо, Мухаммад) намазыңдын (кыраатын) бийик добуш менен да (акырын) угулбай турган кылып да окуба! Ушунун аралыгында(гы окуу) жол(ун) изде!

Explanation & meanings · 2
  1. Аллахтын «Асмаа-ул-Хуснаа» («Эң мыкты ысымдар») деп аталган ысымдары бар. «Аллах» менен «Рахман» ошолордун экөөсү.
  2. Бийик добуш менен окуганда мушриктер угуп, Куранды жана пайгамбарды акаарат кылышкан, ал эми өтө акырын окуса, сахабалары укпай калган.