101 : 4
يَوۡمَ يَكُونُ ٱلنَّاسُ كَٱلۡفَرَاشِ ٱلۡمَبۡثُوثِ
Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат.
Explanation & meanings · 1
- Тозуган түңкү көпөлөктөр эмне кылганын билбей, жабалактап өзүн отко ура берет. Демек, кыямат дүрбөлөңү башталганда инсандар эс-акылынан танып, бири-бирин басып-тебелеп туш-тушуна тозуп кетишет. Тозубай болобу?! Асман жарылып, жер титиреп, деңиздер өрттөнүп, жылдыздар төгүлүп турса!!!