عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Жыйынтыктарды чыпкалоо
816 карточка
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Калган булактарды көрсөтүү
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (228)
"Адамдардын эң жаманы - Кыямат кайым болгондо тирүү болгондор жана мүрзөлөрдү мечитке (ибадатканага) айландырып алгандар".
Хасан (жакшы) Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحكام المساجد، أشراط الساعة، الشركموضوعات الحديثأشراط الساعة، اتخاذ القبور مساجد
Умму Салама Эфиопия жеринде "Мария" деп аталган чиркөөнү көргөнүн, анын ичинде (ар түрдүү) сүрөттөр бар экенин Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кеп кылат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп . Анан ага жанагындай сүрөттөрдү тартышат. Мына ошолор Аллахтын алдындагы эң жаман калайык" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأحكام المساجد، توحيد الألوهية، الشركموضوعات الحديثالتصوير، أهمية التوحيد، اتخاذ القبور مساجدمحاور التعريف بالإسلامبطلان الشرك وصوره
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда чогуу болчубуз, анан ал кажетин өтөө үчүн басып кетти. Биз болсо уясында эки балапаны бар чымчыкты көрүп, анын балапандарын алып алдык. Ал чымчык келип, (тынчсызданып) канаттарын кага баштады. Ошол убакта пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип калды да: «Муну ким баласынан ажыратты? Кайра ордуна коюп койгула!» – деди. Анан биз өрттөп жиберген кумурсканын уюгун көрүп: «Муну ким өрттөдү?» – деп сурады. Биз: Биз (өрттөдүк) – дедик. Ал: «От менен азаптоого оттун Ээсинен башка эч кимдин акысы жок!» – деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жазып калтырган.
التصنيف الشرعيحقوق الحيوان في الإسلام
«Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Наср сүрөсү түшкөндөн кийин, ал кайсы гана намазды окубасын, анда сөзсүз: «Субхаанака Раббанаа уа бихамдика, Аллахуммагфир ли» – деп айтчу».
Мааниси: «Оо, Раббибиз! Сен бардык кемчиликтерден аруусуң жана Сага мактоолор болсун. Оо, Аллах! Мени кечире көр».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيأذكار الصلاة
"Бир түнү Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төшөктөн таппай калып, аны издедим. Ошондо колум анын эки бутунун таманына тийди, ал мечитте (саждада) экен жана эки буту тик коюлган абалда эле. Ал минтип айтып жаткан: «Оо, Аллах! Сенин каарыңдан Сенин ыраазычылыгыңа, жазаңдан Сенин амандыгыңа баш калкалайм. Мен Сенден (кайра эле) Өзүңө баш калкалайм. Мен Сага татыктуу мактоолорду санап бүтүрө албайм, Сен Өзүңдү Өзүң мактагандайсың»."
Транскрипциясы:
«Аллаахумма аъуузу биридаака мин сахотика, ва бимуъаафаатика мин ъукуубатика, ва аъуузу бика минка лаа ухсыы санаа-ан ъалайка анта камаа аснайта ъалаа нафсик.»
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأذكار الصلاة
"Туруп оку, эгер анте албасаң, анда отуруп оку. Эгер анте да албасаң, анда жатып оку" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأركان الصلاة، صلاة المريضموضوعات الحديثأركان الصلاة، صلاة أهل الأعذار
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү эки ак кочкорду курмандыкка чалып, Аллахтын атын атап, такбир айтып, анан бутун кочкорлордун моюнуна такап туруп өз колу менен мууздады.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالتذكية، الأضحية
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түндө турганда, оозун мисвак менен тазалайт эле.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيسنن الفطرة والسواك