Skip to content

От менен азаптоого оттун Ээсинен башка эч кимдин акысы жок!

Ибн Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда чогуу болчубуз, анан ал кажетин өтөө үчүн басып кетти. Биз болсо уясында эки балапаны бар чымчыкты көрүп, анын балапандарын алып алдык. Ал чымчык келип, (тынчсызданып) канаттарын кага баштады. Ошол убакта пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип калды да: «Муну ким баласынан ажыратты? Кайра ордуна коюп койгула!» – деди. Анан биз өрттөп жиберген кумурсканын уюгун көрүп: «Муну ким өрттөдү?» – деп сурады. Биз: Биз (өрттөдүк) – дедик. Ал: «От менен азаптоого оттун Ээсинен башка эч кимдин акысы жок!» – деди.

كُنَّا مَعَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي سَفَرٍ، فَانْطَلَقَ لِحَاجَتِهِ، فَرَأَيْنَا حُمَّرَةً مَعَهَا فَرْخَانِ، فَأَخَذْنَا فَرْخَيْهَا، فَجَاءَتِ الْحُمَرَةُ فَجَعَلَتْ تَفْرِشُ، فَجَاءَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ: «مَنْ فَجَعَ هَذِهِ بِوَلَدِهَا؟ رُدُّوا وَلَدَهَا إِلَيْهَا»، وَرَأَى قَرْيَةَ نَمْلٍ قَدْ حَرَّقْنَاهَا، فَقَالَ: «مَنْ حَرَّقَ هَذِهِ؟» قُلْنَا: نَحْنُ. قَالَ: «إِنَّهُ لَا يَنْبَغِي أَنْ يُعَذِّبَ بِالنَّارِ إِلَّا رَبُّ النَّارِ».

Абу Дауд жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Абдуллах ибн Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда чогуу болушканын эскерди. Анан ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кажетин өтөө үчүн басып кетти. Анын сахабалары эки балапаны бар чымчыкты көрүп, ал экөөнү алып алышты. Чымчык балапандарын жоготуп алганына коркуп, канаттарын жайып, кагып жатты. Ошол убакта пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгыт жана мактоосу болсун) келип калды да: Анын балапандарын алып, аны ким капалантып, коркутту?! – деди. Андан соң ал экөөнү ага кайтарып берүүнү буюрду. Андан кийин от менен өрттөлгөн кумурсканын уюгун көрүп, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Муну ким өрттөдү? – деп сурады. Кээ бир сахабалар: "Биз", — деп жооп беришти. Пайгамбар аларга: Тирүү жанды от менен азаптоого аны жараткан Аллахтан башка эч кимге уруксат эмес. — деп айтты.

Хадистин пайдалары

Даарат ушатууда башкаларга көрүнбөй жашырынуунун шариятка ылайыктуулугу.

Жаныбарлардын балдарын алып, аларды кыйноого тыюу салынат.

Кумурскаларды жана курт-кумурскаларды от менен күйгүзүүдөн тыюу.

Айбанаттарга боорукердик жана мээримдүүлүк кылууга үндөө жана бул жаатта Исламдын алдыда болуусу.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаныбарларга болгон ырайымдуулугу.

От менен азаптоо бир гана Аллах Таалага таандык.

Булактар

Сунан Абу Дауд (4/ 309) (2675).

Сунан Абу Дауд (4/ 309) (2675).

Дагы (16)

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1105).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (19/ 150).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (3/ 120).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 300).

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1105).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (19/ 150).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (3/ 120).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 300).