عربي - Arabic English Qafár af - Afar Afrikaans - Afrikanns Akan Shqip - Albanian አማርኛ - Amharic Հայերեն - Armenian অসমীয়া - Assamese Azərbaycanca - Azerbaijani Bamanankan - Bambara Bassa Bemba বাংলা - Bengali Bosanski - Bosnian Български - Bulgarian မြန်မာဘာသာ - Burmese Bisaya - Cebuano Cham Нохчий - Chechen chiCheŵa - Chewa 中文 - Chinese Адыгэбзэ - Circassian Hrvatski - Croatian Česky - Czech Dagbani Dansk - Danish فارسی دری - Dari Dendi ދިވެހި ބަސް - Dhivehi Nederlands - Dutch إستوني - Estonian Suomi - Finnish Fon Français - French Fulfulde - Fula ქართული - Georgian Deutsch - German Ελληνικά - Greek ગુજરાતી - Gujrati Kreyòl ayisyen - Haitian Creole Hausa हिन्दी - Hindi Magyar - Hungarian Igbo Indonesia - Indonesian Italiano - Italian 日本語 - Japanese Jóola - Jola ಕನ್ನಡ - Kannada Қазақша - Kazakh ភាសាខ្មែរ - Khmer Kikuyu Ikinyarwanda - Kinyarwanda Ikirundi - Kirundi 한국어 - Korean كوردی سۆرانی - kurdish كوردي kurmancî - Kurmanji Kyrgyz ລາວ - Lao latviešu - Latvian Lingala lietuvių - Lithuanian Luganda Македонски - Macedonian Maguindanaon Malagasy - Malagasy Bahasa Melayu - Malay മലയാളം - Malayalam Mandinka मराठी - Marathi Mõõré - Moore नेपाली - Nepali أنكو - NKo Norwegian ଓଡ଼ିଆ - Odia oromoo - Oromo پښتو - Pashto فارسی - Persian Polski - Polish Portuguese ਪੰਜਾਬੀ - Punjabi Română - Romanian Русский - Russian Српски - Serbian Shona සිංහල - Sinhala Slovenščina - Slovenian Soomaaliga - Somali Soninke Sesotho - Sotho Español - Spanish Kiswahili - Swahili Svenska - Swedish Tagalog Тоҷикӣ - Tajik தமிழ் - Tamil తెలుగు - Telugu ไทย - Thai ትግረኛ - Tigrinya Türkçe - Turkish Türkmen - Turkmen Ukrainian اردو - Urdu ئۇيغۇرچە - Uyghur Ўзбек - Uzbek Việt Nam - Vietnamese Wolof Yao Yorùbá - Yoruba Zarma زولو - Zulu
816 Хадистер
Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы
Жыйынтыктарды чыпкалоо
816 карточка
التصنيف الشرعي
Хадистин даражасы
Риваят кылынган булак
Калган булактарды көрсөтүү
Равий
Бардык равийлерди көрсөтүү (228)
Жума күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кутпа айтып жатканда, «Дар ал-Каза» жактагы эшиктен мечитке бир киши кирип: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) маңдайына туруп, «Эй, Аллахтын элчиси, (кургакчылыктан) мал-жандыктар кырылып, жолдор буулуп калды. Аллахка дуба кыл, бизге жамгыр берсин» - деп айтты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки колун көтөрүп: «О Аллахым, бизге жамгыр жаадыр! О Аллахым, бизге жамгыр жаадыр! О Аллахым, бизге жамгыр жаадыр!» - деди.
Анас айтат: «Аллахка ант болсун, биз асманда булутту да, булуттун бир үзүмүн да көргөн жокпуз. Биз менен "Саль" (тоосунун) ортосунда эч кандай үй же имарат жок болчу. Анан тоонун артынан калкандай болгон булут чыкты. Ал асмандын ортосуна келип жайылып, анан жамгыр жаай баштады. Аллахка ант болсун, биз алты күн бою күндүн көзүн көргөн жокпуз.
Кийинки жума Аллахтын лчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруп кутпа айтып жатканда, бир киши ошол эле эшиктен кирип келди да, анын маңдайына туруп: «Эй, Аллахтын элчиси, (жамгырдын айынан) мал-жандык кырылып, жолдор жабылды. Аллахка дуба кыл, бизден жамгырды токтотсун» - деди.
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колун көтөрүп, мындай деди: «О Аллахым, биздин үстүбүзгө эмес, айланабызга (жаадыр). О Аллахым, дөңсөөлөргө, тоолорго, өрөөндөрдүн түбүнө жана дарак өскөн жерлерге (жаадыр)».
Анас айтат: «Жамгыр тык токтоп, биз жаркыраган күнгө чыктык». Шарик айтат: «Мен Анас ибн Маликтен: «Ал баягы биринчи киши беле?» - деп сурасам, ал: «Билбейм» - деп жооп берди».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيصلاة الاستسقاء
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды баштаганда эки колун эки ийининин тушуна чейин көтөрчү. Рүкү кылуу үчүн такбир айтканда, рүкүдөн башын өйдө кылганда эки колун ошондой көтөрчү. Анан: "Самиъа Аллаху лиман хамидах, роббанаа лакал хамду" деп айтчу. Саждада мындай кылчу эмес.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيسنن الصلاة، صفة الصلاة، أذكار الصلاةموضوعات الحديثسنن الصلاة، صفة الصلاة
“Төмөнкү төрт түрдүү жорук кимде болсо, ал анык эки жүздүү болот. Ал эми кимде бул жоруктардын бири болсо, андан арылмайынча экүү жүздүүлүктүн бир белгиси бар болот. Алар: аманат берилсе, ага кыянаттык кылат; сүйлөсө жалган сүйлөйт; убада берсе, сөзүндө турбайт жана талашып-тартышса, аша чаап кетет”.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيذم المعاصي، النفاق
"Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، الكفرموضوعات الحديثترك الصلاة، الكفر وأنواعه
"Ким бизге каршы курал көтөрсө, анда ал бизден эмес".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالمجتمع المسلم، حد قطاع الطريق، حد أهل البغي، الخروج على الإمامموضوعات الحديثقتل النفس، الظلم، الآداب
"Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө".
Хасан (жакшы) Абу Дауд жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، تربية الأولادموضوعات الحديثحقوق الأولاد، مكانة الصلاة وفضلها
"Силерге Аллах Таала ал аркылуу күнөө-каталарды өчүрүп, даражаларды көтөрө турган ишти айтайынбы?" Сахабалар: Айтыңыз, о, Аллахтын элчиси" - дешти. "Кыйынчылыкка карабай жеткиликтүү даарат алуу. Мечитке көп каттоо. Намаздан кийин кийинки намазды күтүү. Мына ушул (Аллах менен) бекем байланыш".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، فضل الوضوء، سنن وآداب الوضوء، وجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، فضل صلاة الجماعة وأحكامها، أحكام المساجدموضوعات الحديثأحكام المساجد غير الحرمين، أحكام الوضوء، مكانة الصلاة وفضلها، صلاة الجماعة
«Тууралыкка жакындагыла жана ортолукту кармагыла, жана билгиле, силерден эч ким өз амалы менен кутула албайт». Алар: «Оо, Аллахтын Элчиси! Сиз дагыбы?» – дешти. Ал айтты: «Мен дагы. Аллах мени Өзүнүн ырайымы жана пазилетине бөлөсө гана (кутуламын)».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيتوحيد الأسماء والصفات