Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 113

Чыпкаларды алып салуу

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (56)
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу.
Хасан бишаваахидихи (башка жакшы айтымдары бар хадис). Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيصفة الصلاة، أذكار الصلاةموضوعات الحديثالدعاء، سنن الصلاة، صفة الصلاة
Мен Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Сизге Сафиянын ушундай-ушундай болгону жетиштүү" - дедим. -Хадисти жеткиргендердин бири: ал боюнун кыскалыгын назарда туткан - дейт. Ошондо Пайгамбарыбыз: «Сен ушундай бир сөз айттың, эгер ал деңиздин суусуна аралаштырылса, аны да бузуп жибермек» - деди. (Аиша энебиз) айтат: Мен ага бир адамды туурап көрсөттүм эле, ал: «Мага ушундай жана ушундай берилсе да, мен бир адамды туураганды жакшы көрбөймүн» - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة
"Бул дин түндүн караңгылыгы менен күндүн нуру жеткен жердин баарына жетет. Аллах Таала бул динди киргизбеген же ылайдан салынган, же кийизден жасалган үй калбайт. Ал бирөөлөрдү ызаттуу кылса, бирөөлөрдү кор кылат. Исламды кабыл кылгандарды Аллах ызаттуу кылат. Каапыр болгондорду Аллах кор кылат" Тамим ад-Даари айтат: Бул хадисте айтылганды мен өзүмдүн жакындарымдан көрдүм. Алардын арасынан динди кабыл кылгандары жакшылыкка жетип, кадыры артып, ызаттуу болду. Динди кабыл кылбай каапыр болгондору кордук тартып, кор болушуп, салык төлөп калышты.
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالدعوة إلى الله، دلائل النبوة، أشراط الساعةموضوعات الحديثالدعوة إلى الله، الإيمان بالرسل عليهم السلاممحاور التعريف بالإسلامالإسلام هو الدين الحق
«Мен көркөм кулк-мүнөздөрдү толуктоо үчүн жиберилдим».
Хасан (жакшы) Бухари «Адаб ал-Муфрадда», Ахмад жана Байхаки риваят кылган
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة
«Адамдарга ыраазы болбогон - Аллахка шүгүр кылбайт».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الحميدة
«Аялына арткы жол аркылуу жакындык кылган киши каргышка калган».
Хасан (жакшы) Абу Дауд менен ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад дагы жазып калтырган.
"Акыйкатта, жалган сүйлөгөн жана зулумдук кылган башчылар болот. Кимде-ким алардын жалганын тастыктап, зулумдугуна жардам берсе, ал менден эмес, мен да андан эмесмин жана ал мага көлмөмдүн алдына келбейт. Ал эми кимде-ким алардын жалганын тастыктабаса жана зулумдугуна жардам бербесе, ал менден, мен да анданмын жана ал мага көлмөмдүн алдына келет."
Сахих (ишенимдүү) Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر، حق الإمام على الرعية
Улуу Аллах Таала: "Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, алар анык каапырлар!" [Маида: 44], "...ошолор анык залымдар!" [Маида: 45] жана "...ошолор анык бузукулар!" [Маида: 47] деген мааниси жакын үч аятты түшүргөн. (Хадисти айтып өткөрүүчү) айтат: Ибн Аббас минтип айткан: "Аллах бул аяттарды жөөттөрдүн эки тайпасы жөнүндө түшүргөн. Түркөйлүк доордо алардын бири экинчисине үстөмдүк кылган. Натыйжада, күчтүү тайпа алсыз тайпадан кимдир бирөөнү өлтүрсө, анын куну элүү васк (өлчөм бирдиги) болоруна, ал эми алсыз тайпа күчтүү тайпадан кимдир бирөөнү өлтүрсө, анын куну жүз васк болоруна ыраазы болуп, келишим түзүшкөн болчу. Алар пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мадинага келгенге чейин ушул келишимди аткарышкан. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенден кийин эки тайпа тең ага моюн сунуп калышты. Бирок ал кезде Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) толук үстөмдүк кыла элек болчу жана аларды өзүнө күч менен баш ийдирген эмес эле, болгону ортодо тынчтык келишими болгон. Ошол убакта алсыз тайпадан бирөө күчтүү тайпадан бирөөнү өлтүрүп коёт. Күчтүү тайпа алсыз тайпага: «Бизге жүз васк кун жөнөткүлө», - деп талап койот. Анда алсыз тайпа: «Качандыр бир убакта дини бир, теги бир жана шаары бир болгон эки уруунун биринин куну экинчисинин кунунун жарымына барабар болгон беле?! Биз муну силер бизге зордук-зомбулук кылып, силерден коркконубуз үчүн гана берип келгенбиз. Эми Мухаммад келгенден кийин, биз силерге аны бербейбиз!» - дешти. Ушундан улам алардын ортосунда согуш чыгып кете жаздайт. Кийин алар Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өкүм чыгаруучу кылууга макулдашат. Бирок күчтүү тайпа пикирленип минтип айтат: «Аллахка ант болсун, Мухаммад алардын силерге бере турган кунун силердин аларга бере турган кунуңардан эки эсе көп кылып бербейт. Алар негизи туура айтышты: алар муну биздин аларга көрсөткөн зордугубуз жана аларды коркутканыбыз үчүн гана беришкен. Ошондуктан Мухаммадга анын пикирин силерге билип бере турган бирөөлөрдү жашыруун жөнөткүлө: эгерде ал силер каалаган нерсени берсе, анда аны өкүм чыгаруучу (казы) кыласыңар. Ал эми бербесе, андан сак болосуңар да, аны өкүм чыгаруучу кылбайсыңар». Ошентип, алар Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пикирин билип келүү үчүн мунафыктардан бир-экөөнү ага жашыруун жөнөтүштү. Алар Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенде, Аллах Таала элчисине алардын иштери жана эмнени каалап жатышканы тууралуу кабар берди. Ошондо Аллах Таала: «О элчи! "ыйман келтирдик" деп айткандардын арасынан каапырлыкка шашылгандар сени капалантпасын...» [Маида: 41] деген аяттан баштап, «...Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, ошолор анык бузукулар!» [Маида: 47] деген аятка чейин түшүрдү. Ибн Аббас ал эки тайпа жөнүндө: «Аллахка ант болсун, ал аяттар ушулар жөнүндө түшкөн жана Улуу Аллах Таала ушул экөөнү максат кылган», - деп айтты.
Хасан (жакшы) Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأسباب النزول