Skip to content

Акыйкатта, жалган сүйлөгөн жана зулумдук кылган башчылар болот. Ким-ким алардын жалганын тастыктап, зулумдугуна жардам берсе, ал менден эмес, мен да андан эмесмин.

Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

"Акыйкатта, жалган сүйлөгөн жана зулумдук кылган башчылар болот. Кимде-ким алардын жалганын тастыктап, зулумдугуна жардам берсе, ал менден эмес, мен да андан эмесмин жана ал мага көлмөмдүн алдына келбейт. Ал эми кимде-ким алардын жалганын тастыктабаса жана зулумдугуна жардам бербесе, ал менден, мен да анданмын жана ал мага көлмөмдүн алдына келет."

«إِنَّهَا سَتَكُونُ أُمَرَاءُ يَكْذِبُونَ وَيَظْلِمُونَ، فَمَنْ صَدَّقَهُمْ بِكَذِبِهِمْ وَأَعَانَهُمْ عَلَى ظُلْمِهِمْ فَلَيْسَ مِنَّي، وَلَسْتُ مِنْهُ، وَلَا يَرِدُ عَلَيَّ الْحَوْضَ، وَمَنْ لَمْ يُصَدِّقْهُمْ بِكَذِبِهِمْ وَلَمْ يُعِنْهُمْ عَلَى ظُلْمِهِمْ فَهُوَ مِنِّي، وَأَنَا مِنْهُ، وَسَيَرِدُ عَلَيَّ الْحَوْضَ».

Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал өткөндөн кийин адамдарга сөзүндө калп айткан, өздөрү кылбаган иштерди айткан жана өкүмдө зулумдук кылган башчылар башчылык кыларын кабарлаган. Кимде-ким алардын алдына кирип, калптарын ырастаса, же аларга жакындашуу жана алардын колундагы нерселерди үмүт кылуу менен фатва берүү сыяктуу сөзү же иши менен алардын зулумдугуна көмөктөшсө, мен андан тазамын. Ал менден эмес жана мен да андан эмесмин. Ошондой эле ал Кыямат күнү менин Кавсар көлмөмө келбейт. Ал эми кимде-ким алардын алдына кирбесе, калптарын ырастабаса жана зулумдугуна көмөктөшпөсө, ал менден, мен да анданмын. Жана ал кыямат күнү менин көлмөмө келет.

Хадистин пайдалары

Башчылардын алдына туура багыт берүү, насаат айтуу жана жамандыкты азайтуу максатында кирилсе, мына ушул – талап кылынган нерсе. Ал эми алардын зулумдугуна көмөктөшүү жана жалгандарын тастыктоо үчүн аларга кирсе, анда бул – айыпталган жаман иш.

Башчыга зулумдугунда жардам берген адамдарга катуу жаза убадасы бар экенин баяндоо.

Бул хадисте айтылган жаза убадасы бул амалдын арам экенине жана ал чоң күнөөлөрдөн экенине далаалат кылат.

Жакшылык иштерде жана такыбалыкта көмөктөшүүгө кызыктыруу. Ал эми күнөө иштерде жана душманчылыкта көмөктөшпөөгө чакыруу.

Бул хадис пайгамбарыбыз Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү Көлмөсү боло тургандыгын жана анын үммөтү ага келе тургандыгын тастыктайт.

Булактар

Муснад Ахмад (38/ 295) (23260).

Муснад Ахмад (38/ 295) (23260).

Дагы (2)

ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (32/ 334).

ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (32/ 334).