Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 28

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

Равий

Бардык равийлерди көрсөтүү (85)
جابر بن عبد الله5 النعمان بن بشير4 علي4 عمر بن الخطاب4 أم عطية3 جرير بن عبد الله3 حذيفة3 عبادة بن الصامت3 ‌ابن عباس2 أبو أيوب الأنصاري2 أبو بكرة2 أبو قتادة2 أبو مسعود2 أبو هريرة قال2 أسامة بن زيد2 البراء2 البراء بن عازب2 سهل بن سعد2 عقبة بن عامر2 عمر2 إبراهيم النخعي عن همام بن الحارث قال1 أبو أيوب1 أبو بردة الأنصاري1 أبو بردة بن أبي موسى1 أبو بشير الأنصاري1 أبو بكر الصديق1 أبو حازم بن دينار1 أبو حازم قال1 أبو حمزة أنس بن مالك1 أبو حميد الساعدي1 أبو ذر1 أبو سعيد الخدري وعن أبي هريرة1 أبو طلحة1 ‌أبي قتادة السلمي1 ‌أبي هريرة1 أبيه قال1 أسماء بنت أبي بكر1 الحسن قال1 المغيرة1 المغيرة بن شعبة1 المقداد بن عمرو الكندي1 أم قيس بنت محصن1 ‌أنس بن مالك1 جبير بن مطعم1 حارثة بن وهب الخزاعي1 حكيم بن حزام1 رافع بن خديج1 زيد بن ثابت1 زيد بن خالد1 زينب بنت جحش1 سليمان بن صرد1 ‌سهل1 سهل بن سعد الساعدي1 صفوان بن محرز قال1 طلحة بن عبيد الله1 عائشة وعبد الله بن عباس1 عبادة1 عبد الرحمن بن أبي ليلى قال1 عبد الله بن عمرو بن العاص1 عبد الله بن مالك ابن بحينة1 عبد الله بن مغفل1 عبد الله بن يزيد الخطمي قال1 عدي بن حاتم1 عمار بن ياسر1 عمر بن أبي سلمة1 عمران بن حصين1 عمرو بن سليم الأنصاري قال1 مالك بن أوس بن الحدثان أنه قال1 ‌محمود بن لبيد1 معاذة قالت1 معاوية1 معقل بن يسار المزني1 ميمونة أم المؤمنين1 ‌وراد كاتب المغيرة بن شعبة قال1 يحيى بن عمارة المازني قال1
«Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки иштин бирин тандоо сунушталса, эгер ал күнөө болбосо, дайыма жеңилирээгин тандачу. Ал эми күнөө иш болсо, адамдардын ичинен андан эң алыс турганы Пайгамбарыбыз эле. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эч качан өзү үчүн өч алган эмес. Ал эми Аллахтын тыюулары бузулуп, арам иштер жасалган учурда, Жараткандын акысы үчүн гана адилеттүү жазасын берчү».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Тувайт ибн Хабиб ибн Асад ибн Абдул-Уззанын кызы Хавла анын жанынан өтүп баратканда, анын жанында Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бар эле. Ошондо мен: "Бул – Тувайттын кызы Хавла, аны түнкүсүн уктабайт деп айтышат" - дедим. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Түнкүсүн уктабайт?! Амалдардан күчүңөр жете турганын алгыла (аткаргыла). Аллахка ант! Силер тажамайынча, Аллах тажабайт» - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيحقوق الإنسان في الإسلام
«Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады, алар өздөрүнүн пайгамбарларынын кабырларын мечит кылып алышкан». Айша энебиз айтты: «Эгер ал (себеп) болбогондо, анын кабыры ачык жерге коюлмак. Бирок аны адамдар сыйына турган мечит кылып алууларынан коркушту».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيزيارة القبور، توحيد الألوهية
Абу Суфяндын аялы Хинд бинт Утба Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын элчиси, Абу Суфян сараң адам, мен анын мал-мүлкүнөн ага билгизбей албасам, ал мага жана балдарыма жеткидей каражат бербейт. Ушул кылганым мага күнөө болобу?" - деп сурады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Анын мал-мүлкүнөн өзүңө жана балдарыңа жеткидей өлчөмдө гана ал", - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Адамдар Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү ачыктар тууралуу сурашты. Ал: "Алар эч нерсе кыла албайт" - деди. О, Аллахтын элчиси, кээде алардын айтканы туура чыгып калып жатпайбы - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيتوحيد الألوهية، الجن، الشركموضوعات الحديثالكهانة والعرافة والتنجيم وإتيان من يتلبس بهذه المنكرات
«Чындыгында, Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – өтө талашчаак адам».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، آداب الخلافموضوعات الحديثالمراء والجدال بالباطلمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق
«Куранды чеберчилик менен окуган адам урматтуу, баш ийүүчү периштелер менен бирге болот. Ал эми Куранды кыйналуу менен окуган адамга эки сооп берилет».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат ". Муттафакун алайхи. Муслимде: "Ким биздин ишибизде жок амалды аткарса, ал кайтарылат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيحقيقة البدعة، قواعد معرفة البدعموضوعات الحديثالبدعة، متابعة الرسول ﷺ