Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 31

Чыпкаларды алып салуу
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жөнөткөндө, ага уйлардан: ар бир отуз баштан бир табиъ же табиъаны (бир жашар эркек же ургаачы торпокту), ар бир кырк баштан бир мусиннаны (эки жашар кунаажын же букачар), ал эми ар бир балакат жаш курагына жеткен адамдан бир динар же ага барабар маафирди (Йеменде жасалуучу кийимди) алууну буйруду.
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيزكاة بهيمة الأنعام
"Аллахым, карызга батуудан, душмандын үстөмдүк кылуусунан жана табалоосунан сактоону Өзүңдөн суранам".
Сахих (ишенимдүү) Ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأدعية المأثورة
«Кимдин эки аялы болуп, алардын бирине ооп кетсе, кыямат күнү ал бир капталы кыйшайган абалда келет».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيالعشرة بين الزوجين
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге муктаждыктардын башында айтылчу кутпаны минтип үйрөткөн: "Алкыш-мактоолор Аллахка болсун. Андан жардам сурайбыз жана кечирим тилейбиз. Напсибиздин жамандыгынан сактоону Өзүнөн суранабыз. Аллах кимди туура жолго салса, аны адаштыруучу жок. Ал кимди адаштырса, аны туура жолго салуучу жок. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем. "О, адамдар! Силерди бир жандан жаратып, андан жубайын жаратып, ал экөөнөн көп эркек жана аялдарды тараткан Раббиңерден корккула! Анын аты менен жана туугандыктан сурала турган Раббиңерден корккула!" (Ниса, 1-аят). "О, ыймандуу пенделер! Аллахтан чыныгы коркуу менен корккула жана мусулман болмоюнча өлбөгүлө!" (Аалу Имран, 102-аят). "О, ыймандуу пенделер! Аллахтан корккула жана туура сүйлөгүлө! Аллах силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, чоң утушка жетет". (Ахзаб, 70-71-аяттар).
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيالأدعية المأثورة، أحكام خطبة وصلاة الجمعة، أحكام وشروط النكاحموضوعات الحديثالذِّكْر، أحكام الأسرة، التقوى، صلاة الجمعة
Мен ансарлардан болгон бир топ аялдар менен Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) байъат кылуу (убада берүү) үчүн келдим. Биз: "Оо, Аллахтын элчиси! Биз сага, Аллахка эч нерсени шерик кылбоого, уурулук кылбоого, зынаа кылбоого, бирөөдөн бала арттырып эрине таңуулабоого жана жакшы иштерге буюрганыңда сага каршы чыкпоого убада беребиз" - дедик. Ал: "Күчүңөр жетишинче жана чамаңар келишинче" - деди. Ал (аял) айтты: Биз: "Аллах жана Анын элчиси бизге мээримдүүрөөк. Кел, сага кол берип убада берели, оо, Аллахтын элчиси!" - дедик. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Чындыгында, мен аялдар менен кол алышпайм. Менин жүз аялга айткан сөзүм бир аялга айткан сөзүмдөй, же бир аялга айткан сөзүмө окшош" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعيالعلاقة بين الرجل والمرأة
Бир киши Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) суроо берип мындай деди: О Аллахтын элчиси, биз деңизде жүрөбүз. Жаныбызда аз гана суу болот. Эгер ал сууга даарат алсак, ичкенге суубуз жок чаңкап калабыз. Деңиз суусуна даарат алсак болобу? Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Деңиздин суусу таза, өлүмтүгү адал" - деп жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيأحكام المياه
«Кимде-ким бешимден алдын төрт рекет жана андан кийин төрт рекетти такай окуса, Аллах аны тозокко арам кылат».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيالسنن الرواتب