Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 5

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир күнү минбарга отурду, биз да анын айланасына отурдук. Ошондо ал: «Чынында, мен өзүмдөн кийин силерге дүнүйөнүн кооздугу жана зыйнаты ачылып берилишинен (жана ага азгырылууңардан) коркомун», – деди. Бир адам: «Оо, Аллахтын элчиси, жакшылык жамандык алып келеби?» – деп сурады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) унчукпай калды. Тиги адамга: «Сага эмне болду? Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) сүйлөп жатасың, бирок ал сага жооп бербей жатат?» – дешти. Биз ага вахий түшүрүлүп жатканын байкадык. Анан ал (жүзүндөгү) терди аарчыды да: «Суроо берүүчү кайда?» – деди. Ал анын (суроосун) мактагандай болду. Андан соң мындай деди: «Чынында, жакшылык жамандык алып келбейт. Бирок, жаз өстүрүп чыгарган өсүмдүктөрдүн ичинде (мал көп жеп алса) өлтүрө тургандары же өлүмгө жакындата тургандары бар. Ал эми жашыл чөптү (ченем менен) жеген мал андай эмес: ал чөптү жейт, эки капталы кампайганда, күндү карап туруп, тезегин таштап, заарасын ушатат да, кайра жайылып оттой берет.Чынында, бул мал-дүйнө жашыл (кызыктыруучу) жана таттуу нерсе. Бул мал-дүйнөдөн кембагалга, жетимге жана жолоочуга берген мусулман адам кандай жакшы дос! – же Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткандай. – Ал эми ким аны акысы жок (адилетсиздик менен) алса, ал жеп бирок тойбогон сыяктуу болот жана кыямат күнү ал (байлыгы) ага каршы күбө болот».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا
«Эгерде адам баласынын эки өрөөн байлыгы болсо, ал үчүнчү өрөөндү да кааламак. Адам баласынын ичин топурак гана толтурат. Жана ким тообо кылса, Аллах анын тообосун кабыл кылат».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، ذم حب الدنيا
«Оо, Аллах! Акыреттин жашоосунан башка чыныгы жашоо жок. Ансарлар менен мухажирлерди кечир көр».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا
Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым эле, ал берди. Кийин дагы сурасам, дагы берди. Анан мага: «Оо, Хаким, бул байлык жашыл (өзүнө кызыктырат) жана таттуу. Аны ким канааттануу менен (сурабастан) алса, Аллах ага береке берет. Ким ач көздүк менен (сурап) алса, анда береке болбойт, ал жеп бирок тойбогон адам сыяктуу болот. Үстүнкү кол астынкы колдон жакшыраак» - деди. Хаким: Оо, Аллахтын Элчиси, сени чындык менен жиберген Затка ант берем, бул дүйнөдөн өткөнчө эч кимден суранбаймын, - деди. Кийин Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) Хакимди чакырып, анын казынадан өз үлүшүн бермекчи болду эле, ал андан баш тартты. Кийин Умар (Аллах андан ыраазы болсун) аны чакырып, бермекчи болсо, андан да баш тартты. Ошондо Умар (Аллах андан ыраазы болсун): Оо, мусулмандар, мен ага Аллах бөлүп берген казынадан үлүшүн берсем, ал албай баш тартты - деди. Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кийин Хаким өмүрү өткөнчө эч кимден эч нерсе албады, Аллах ага ырайым кылсын.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төшөгү териден болуп, ичине курманын буласы салынган эле. Муслимдин риваятында: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таянып отурчу жаздыгы териден болуп, ичине курманын буласы салынган болчу.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيذم حب الدنيا، الهدي النبوي