Skip to content

Оо, Хаким, бул байлык жашыл жана таттуу.

Хаким ибн Хизам (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтты:

Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым эле, ал берди. Кийин дагы сурасам, дагы берди. Анан мага: «Оо, Хаким, бул байлык жашыл (өзүнө кызыктырат) жана таттуу. Аны ким канааттануу менен (сурабастан) алса, Аллах ага береке берет. Ким ач көздүк менен (сурап) алса, анда береке болбойт, ал жеп бирок тойбогон адам сыяктуу болот. Үстүнкү кол астынкы колдон жакшыраак» - деди. Хаким: Оо, Аллахтын Элчиси, сени чындык менен жиберген Затка ант берем, бул дүйнөдөн өткөнчө эч кимден суранбаймын, - деди. Кийин Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) Хакимди чакырып, анын казынадан өз үлүшүн бермекчи болду эле, ал андан баш тартты. Кийин Умар (Аллах андан ыраазы болсун) аны чакырып, бермекчи болсо, андан да баш тартты. Ошондо Умар (Аллах андан ыраазы болсун): Оо, мусулмандар, мен ага Аллах бөлүп берген казынадан үлүшүн берсем, ал албай баш тартты - деди. Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кийин Хаким өмүрү өткөнчө эч кимден эч нерсе албады, Аллах ага ырайым кылсын.

سَأَلْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَأَعْطَانِي، ثُمَّ سَأَلْتُهُ فَأَعْطَانِي، ثُمَّ قَالَ لِي: «يَا حَكِيمُ، إِنَّ هَذَا المَالَ خَضِرٌ حُلْوٌ، فَمَنْ أَخَذَهُ بِسَخَاوَةِ نَفْسٍ، بُورِكَ لَهُ فِيهِ، وَمَنْ أَخَذَهُ بِإِشْرَافِ نَفْسٍ لَمْ يُبَارَكْ لَهُ فِيهِ، وَكَانَ كَالَّذِي يَأْكُلُ وَلاَ يَشْبَعُ، وَاليَدُ العُلْيَا خَيْرٌ مِنَ اليَدِ السُّفْلَى»، قَالَ حَكِيمٌ: فَقُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَالَّذِي بَعَثَكَ بِالحَقِّ لاَ أَرْزَأُ أَحَدًا بَعْدَكَ شَيْئًا حَتَّى أُفَارِقَ الدُّنْيَا، فَكَانَ أَبُو بَكْرٍ يَدْعُو حَكِيمًا لِيُعْطِيَهُ العَطَاءَ، فَيَأْبَى أَنْ يَقْبَلَ مِنْهُ شَيْئًا، ثُمَّ إِنَّ عُمَرَ دَعَاهُ لِيُعْطِيَهُ، فَيَأْبَى أَنْ يَقْبَلَهُ، فَقَالَ: يَا مَعْشَرَ المُسْلِمِينَ، إِنِّي أَعْرِضُ عَلَيْهِ حَقَّهُ الَّذِي قَسَمَ اللَّهُ لَهُ مِنْ هَذَا الفَيْءِ، فَيَأْبَى أَنْ يَأْخُذَهُ. فَلَمْ يَرْزَأْ حَكِيمٌ أَحَدًا مِنَ النَّاسِ بَعْدَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ حَتَّى تُوُفِّيَ رَحِمَهُ اللَّهُ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Хаким ибн Хизам (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнө мүлкүнөн бир нерсе сурады эле, ал берди. Кийин дагы сурады эле, дагы берди. Анан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай деди: Оо, Хаким, бул байлык жакшы көрүлгөн, кызыктырган нерсе. Ким аны суранбастан, ач көздүк кылбастан жана өжөрлөнүп жабышпастан алса, анда ал берекелүү болот. Ким аны суктануу жана ач көздүк менен алса, анда береке болбойт. Ал жеп бирок тойбогон адам сыяктуу болот. Аллахтын алдында сарптоочу, берүүчү кол сурануучу, алуучу колдон жакшы. Хаким айтты: Мен: Оо, Аллахтын Элчиси! Сени акыйкат менен жиберген Затка ант, сенден кийин бул дүйнөдөн өткөнүмө чейин эч кимден сурап, анын малын кемитпеймин, - дедим. Аллахтын Элчисинин халифасы Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) Хакимди чакырып, анын казынадагы акысын бермекчи болду эле, ал андан баш тартты. Кийин момундардын амири Умар (Аллах андан ыраазы болсун) аны чакырып, бермекчи болсо, андан да баш тартты. Ошондо Умар: Оо, мусулмандар, мен ага мусулмандарга каапырлардан согушсуз жана жихадсыз түшкөн олжо мал-мүлкүнөн Аллах бөлүп берген үлүшүн берсем, ал албай баш тартты, - деди. Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кийин Хаким (Аллах андан ыраазы болсун) өмүрү өткөнчө бирөөдөн бир нерсе сурап, анын мал-мүлкүн кемитпеди.

Хадистин пайдалары

Мал-мүлктү шарият көрсөткөн жолдор менен табуу жана жыйноо дүйнөдөн баш тартуу (зухд) түшүнүгүнө карама-каршы келбейт. Анткени зухд – бул жан дүйнөнүн берешендиги жана жүрөктүн мал-мүлккө байланбоосу.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берешендиги улуу. Ал эч качан кедейликтен коркпогон адамдай берет эле.

Жардам берүү учурунда мусулман бир туугандарга насаат айтууга жана пайда жеткирүүгө умтулуу зарыл, анткени ал учурда адамдын жан дүйнөсү жылуу сөздөн пайда алууга даяр болот.

Адамдардан сурануудан өзүн тыюу жана андан кайтаруу, өзгөчө муктаждык жок кезде сурануудан кайтаруу.

Хадисте байлыкка ач көздүк кылуу жана көп сурануу айыпталат.

Эгерде сураган адам кайра-кайра сурана берсе, анда аны куру кол кайтарууда, ага насаат айтууда жана аны сурануудан сактанууга, ошондой эле алууга болгон ач көздүктү таштоого буйрууда эч кандай айып жок.

Имам (башчы) өзү бермейинче, эч кимдин мамлекеттик казынадан (байт ал-малдан) бир нерсе алууга укугу жок. Ал эми олжо бөлүштүрүлгөнгө чейин, ал нерсе ага тиешелүү деп эсептелбейт.

Муктаждык үчүн суроого уруксат.

Ибн Хажар минтип айткан: Бул хадисте, башчы сурап келген адамдын өтүнүчүндөгү терс көрүнүштөрдү (зыянды) анын муктаждыгын бүтүрүп бергенден кийин гана түшүндүрүшү керектиги айтылган. Мунун себеби — айтылган насаат өз ордун таап, таасирдүү болушу үчүн жана ал адам "бул эскертүү менин муктаждыгымдын аткарылбай калышына себеп болот окшойт" деп ойлоп калбашы үчүн.

Хакимдин (Аллах андан ыраазы болсун) артыкчылыгы жана анын Аллах менен жана Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен болгон убада-келишимин сактоосу.

Исхак ибн Рахавейх айтат: Хаким (Аллах андан ыраазы болсун) дүйнөдөн өткөн учурда, ал Курайштын эң көп байлыгы бар адамдарынан эле.

Булактар

Сахих ал-Бухари (4/ 5) (2750).

Сахих Муслим (2/ 717) (1035).

Сахих ал-Бухари (4/ 5) (2750).

Сахих Муслим (2/ 717) (1035).

Дагы (28)

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (8/ 13).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (1/ 584).

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 459).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 386).

منار القاري.

لحمزة قاسم (3/ 45).

المنهاج شرح صحيح مسلم.

للنووي (7/ 126).

إكمال المعلم بفوائد مسلم.

للقاضي عياض (3/ 566).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (8/ 13).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (1/ 584).

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 459).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 386).

منار القاري.

لحمزة قاسم (3/ 45).

المنهاج شرح صحيح مسلم.

للنووي (7/ 126).

إكمال المعلم بفوائد مسلم.

للقاضي عياض (3/ 566).