Оо, Аллах! Акыреттин жашоосунан башка чыныгы жашоо жок. Ансарлар менен мухажирлерди кечир көр.
- التصنيف الشرعي
- الأدعية والأذكار والرقائقالرقائق والمواعظذم حب الدنيا
Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтты:
«Оо, Аллах! Акыреттин жашоосунан башка чыныгы жашоо жок. Ансарлар менен мухажирлерди кечир көр».
«اللهُمَّ لَا عَيْشَ إِلَّا عَيْشُ الْآخِرَهْ، فَاغْفِرْ لِلْأَنْصَارِ وَالْمُهَاجِرَهْ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын ыраазычылыгындагы, ырайымындагы жана бейишиндеги акыреттин жашоосунан башка чыныгы жашоо жок экендигин кабарлаган. Анткени дүйнө жашоосу убактылуу, ал эми акырет жашоосу түбөлүктүү жана калуучу. Андан соң пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарга жана мухажирлерге башпаанек берип, аларга жардам берип, мал-мүлктөрүн бөлүшкөн ансарлар үчүн, ошондой эле Аллахтан пазилет жана ыраазычылык үмүт кылып, үйлөрүн жана мал-мүлктөрүн таштап кеткен мухажирлер үчүн кечирим, урмат-сый жана жакшылык тилеп дуба кылган.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн баш тартуусу жана акыретке умтулуусу.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүн убактылуу дүйнө жыргалчылыгына кызыкпоого үндөөсү.
Мухажирлердин жана ансарлардын артыкчылыгын баяндоо, анткени алар пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алар үчүн кечирим тилеген дубасына жетишишти.
Пенде бул дүйнөдө жеткен нерселерине сүйүнбөшү керек, анткени ал андагы түйшүктөрү менен бирге тез эле жок болуучу нерсе. Ал эми чыныгы түбөлүк кала турган жай – акырет.
Сахих ал-Бухари (8/ 88) (6413).
Сахих Муслим (3/ 1431) (1805).
Сахих ал-Бухари (8/ 88) (6413).
Сахих Муслим (3/ 1431) (1805).
Дагы (24)
مرقاة المفاتيح.
لعلي القاري (7/ 3016).
فتح الباري شرح صحيح البخاري.
لابن حجر (11/ 231).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 362).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (7/ 223).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 529).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 412).
مرقاة المفاتيح.
لعلي القاري (7/ 3016).
فتح الباري شرح صحيح البخاري.
لابن حجر (11/ 231).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 362).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (7/ 223).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 529).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 412).