Skip to content

Аллахтын элчисинин (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төшөгү териден эле, ичине курма дарагынын буласы салынган болчу.

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төшөгү териден болуп, ичине курманын буласы салынган эле. Муслимдин риваятында: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таянып отурчу жаздыгы териден болуп, ичине курманын буласы салынган болчу.

كَانَ فِرَاشُ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مِنْ أَدَمٍ، وَحَشْوُهُ مِنْ لِيفٍ، وَلِمُسلمٍ: كَانَ وِسَادَةُ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الَّتِي يَتَّكِئُ عَلَيْهَا مِنْ أَدَمٍ حَشْوُهَا لِيفٌ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уктаган төшөк ичине курма дарагынын буласы толтурулган ийленген териден жасалганын, ошондой эле ал сүйөнгөн жаздыгы да ушундай болгонун кабарлайт.

Хадистин пайдалары

Хадисте пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер ал алардан ырахат алууну кааласа Аллах Таала ага мүмкүнчүлүк бергенине карабастан, дүйнөгө кызыкпагандыгы жана бул дүйнө жыргалчылыктарынан жүз бургандыгы баян кылынган.

Төшөктөрдү жана жаздыктарды колдонууга, аларда уктоого жана аларга жөлөнүүгө уруксат.

Мусулман адамга өзүнүн абалын жана жашоо-турмушун пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) абалы менен салыштырып кароосу зарыл. Анткени ал – жакшы өрнөк, жана ким анын жолун жолдосо, бул дүйнөдө жана акыретте туура жол таап, ийгиликке жетет.

Акыретке даярдык көрүүгө умтулуу, момун адамдын дүйнөдөн Аллахка моюн сунууга жардам бере турган нерселер менен гана чектелүүсү жана анда байлык көбөйтүүгө алагды болбоосу. Аллах бир коомду айыптап мындай деген: "Байлык көбөйтүү силерди алагды кылды. Тээ мүрзөлөрдү зыярат кылганыңарга чейин" [Такаасур: 1-2].

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 97) (6456).

Сахих Муслим (3/ 1650) (2082).

Сахих ал-Бухари (8/ 97) (6456).

Сахих Муслим (3/ 1650) (2082).

Дагы (8)

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (34/ 662).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (9/ 264).

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (5/ 403).

النهاية في غريب الحديث والأثر (971).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (34/ 662).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (9/ 264).

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (5/ 403).

النهاية في غريب الحديث والأثر (971).