Skip to content

Чындыгында, шайтан Аллахтын аты аталбаган тамакты өзүнө адал кылып алат.

Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Биз Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу тамактанып калсак, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баштап колун сунмайынча, колубузду сунбайт элек. Бир жолу биз аны менен бирге тамактанууга отурганыбызда, артынан бирөө түртүп жаткансып бир кыз келип, колун тамакка салмакчы болду. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын колунан кармап калды. Андан соң, артынан бирөө түртүп жаткансып бир бедуин келип калды эле, анын да колунан кармап калды. Анан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Чындыгында, шайтан Аллахтын аты аталбаган тамакты өзүнө адал кылып алат. Ал тамакты ушул кыз аркылуу адал кылып алуу үчүн аны ээрчитип келгенде, мен анын колунан кармап калдым. Анан тамакты ушул бедуин аркылуу адал кылып алуу үчүн аны ээрчитип келгенде, анын да колунан кармадым. Жаным Анын колунда болгон Затка ант, чындыгында, анын (шайтандын) колу булардын колу менен бирге менин колумда турат», - деди.

كُنَّا إِذَا حَضَرْنَا مَعَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ طَعَامًا لَمْ نَضَعْ أَيْدِيَنَا حَتَّى يَبْدَأَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَيَضَعَ يَدَهُ، وَإِنَّا حَضَرْنَا مَعَهُ مَرَّةً طَعَامًا، فَجَاءَتْ جَارِيَةٌ كَأَنَّهَا تُدْفَعُ، فَذَهَبَتْ لِتَضَعَ يَدَهَا فِي الطَّعَامِ، فَأَخَذَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِيَدِهَا، ثُمَّ جَاءَ أَعْرَابِيٌّ كَأَنَّمَا يُدْفَعُ فَأَخَذَ بِيَدِهِ، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ الشَّيْطَانَ يَسْتَحِلُّ الطَّعَامَ أَنْ لَا يُذْكَرَ اسْمُ اللهِ عَلَيْهِ، وَإِنَّهُ جَاءَ بِهَذِهِ الْجَارِيَةِ لِيَسْتَحِلَّ بِهَا فَأَخَذْتُ بِيَدِهَا، فَجَاءَ بِهَذَا الْأَعْرَابِيِّ لِيَسْتَحِلَّ بِهِ فَأَخَذْتُ بِيَدِهِ، وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ، إِنَّ يَدَهُ فِي يَدِي مَعَ يَدِهَا».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Биз Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге тамакта отурганыбызда, ал тамакка кол сунмайынча, биз да кол сунчу эмеспиз. Бир жолу биз аны менен чогуу тамактанууга отурганыбызда, бир кыз өтө шашкалактап, артынан бирөө түртүп жаткандай келип, тамакка кол суна баштады. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын колун кармап калды. Анан бир бедуин да өтө шашкалактап келип тамакка кол сунганда, Пайгамбар аны да колунан кармап калды. Анан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: Чындыгында, эгер адам Аллах Тааланы эстебестен тамактана баштаса, шайтан тамактан жегенге мүмкүнчүлүк алат. Жана ал ушул жаш кыз аркылуу тамакты өзүнө адал кылып алуу үчүн аны ээрчитип келди эле, мен анын колунан кармап калдым. Андан кийин ал ушул бедуин аркылуу адал кылып алуу үчүн аны да ээрчитип келди эле, анын да колунан кармап калдым. Жаным Анын колунда болгон Затка ант, чындыгында, шайтандын колу анын колу менен бирге менин колумда турат. Андан соң ал Аллах Тааланын атын атап зикир кылды да, тамактанды.

Хадистин пайдалары

Сахабалардын Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) болгон урматы жана аны менен болгон адептери.

Тамактануу адептеринин бири – кичүүлөрдүн улуулар жана кадырлуу адамдар тамакка кол созгуча күтүп туруусу.

Шайтан өз максатын ишке ашыруу үчүн кээ бир капылет адамдарды өзүнө жаккан амалдарга түртөт, бул хадисте айтылган нерсе да мына ушундан.

Ан-Навави мындай деген: Аалымдар: "Башкалар угушу жана аларга эскертүү болушу үчүн бисмилланы үнүн чыгарып айтуу абзел", - дешкен.

Эгер кимдир бирөө тамактанууга келип, анын "Бисмиллах" деп айтканын укпасаң, ал "Бисмиллах" деп айтканга чейин колунан карма.

Күнөө ишти токтотуу билген адамга милдет, ал эми күнөө ишти колу менен токтотуу күчү жеткен адамга милдет.

Бул хадис Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгынын далилдеринин бири. Анткени, Аллах Таала ага бул окуяда эмне болгонун билдирген.

Шайтан ыйман ээлеринин тамагынан, эгерде ага Аллахтын аты зикир кылынбаса гана жей алат.

Адамдарга Исламдагы тамактануунун жана суусундук ичүүнүн адебин үйрөтүү сүйүктүү амал.

Угуучуга ишти бекемдөө үчүн ант ичүү мустахаб.

Ан-Навави минтип айткан: Суу, сүт, бал, шорпо, дары жана башка бардык суусундуктарды ичүүдө "Бисмиллах" деп айтуу (өкүмү) – тамак жегенде "Бисмиллах" деп айткандай эле.

Ан-Нававий айткан: "Эгерде тамактанып баштаганда атайылап, же унутуп калып, же билбестиктен, же мажбурланып, же башка бир себептен улам айта албай калып "Бисмилланы" айтууну калтырып койсо, андан соң тамактануу учурунда аны айтууга мүмкүнчүлүк тапса, анда "Бисмилланы" айтып: "Бисмиллахи аввалаху ва ахираху" (Башталышында да, акырында да Аллахтын аты менен баштаймын) деп айтуусу мустахаб болот. Анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Эгер силердин бириңер тамак жесе, Аллахтын атын зикир кылсын. Эгер башында Аллахты зикир кылууну унутуп калса: "Бисмиллахи аввалаху ва ахираху" (Башталышында да, акырында да Аллахтын аты менен баштаймын) деп айтсын", - деген. Абу Дауд жана Тирмизи риваят кылган."

Булактар

Сахих Муслим (3/ 1597) (2017).

Сахих Муслим (3/ 1597) (2017).

Дагы (16)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 51).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 192).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (10/ 202).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 600).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 51).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 192).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (10/ 202).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 600).