Жаным Анын колунда болгон Затка ант! Чындыгында, ал Курандын үчтөн бирине тете.
- التصنيف الشرعي
- القرآن الكريم وعلومهفضائل السور والآيات
Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Бир киши экинчи бир кишинин «Кул хувал-Лааху ахад» сүрөсүн кайра-кайра кайталап окуп жатканын угат. Эртең менен ал Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип, бул тууралуу ага айтып берет. Ал киши аны азсынгандай эле. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Жаным Анын колунда болгон Затка ант! Чындыгында, ал (Ихлас сүрөсү) Курандын үчтөн бирине тете."
أَنَّ رَجُلًا سَمِعَ رَجُلًا يَقْرَأُ: {قُلْ هُوَ اللَّهُ أَحَدٌ} يُرَدِّدُهَا، فَلَمَّا أَصْبَحَ جَاءَ إِلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَذَكَرَ ذَلِكَ لَهُ، وَكَأَنَّ الرَّجُلَ يَتَقَالُّهَا، فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ إِنَّهَا لَتَعْدِلُ ثُلُثَ القُرْآنِ».
Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Бир киши башка бирөөнүн «Кул хувал-Лааху ахад» сүрөсүн окуп, түнү бою кайталап, ага эч нерсе кошпогонун угат. Эртең менен ал Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип, бул тууралуу ага айтып берет. Суроо берүүчү муну аз көргөнсүйт. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баса белгилөө маанисинде ант ичип айтты: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка ант, чындыгында, ал Курандын үчтөн бирине барабар."
Ихлас сүрөсүнүн артыкчылыгы жана анын Курандын үчтөн бирине тете экендиги.
Түнкү намазда аз гана аят болсо да окууга жана аларды кайталоого уруксат, ошондой эле муну аз санабоо керек.
Мазирий айтты: "Мунун мааниси: Куран үч бөлүктөн турат: окуялар, өкүмдөр жана Аллах Тааланын сыпаттары. Ал эми «Кул хувал-Лааху ахад» толугу менен – башкача айтканда, Аллахтын сыпаттарына – арналган, ошондуктан ал үчтөн бири жана үч бөлүктүн бир бөлүгү. Ошондой эле мындай деп да айтылат: мунун мааниси: аны окуунун сообу Курандын үчтөн бирин окугандай өлчөмдө көбөйтүлөт."
Сахих ал-Бухари (6/ 189) (5013).
Сахих ал-Бухари (6/ 189) (5013).
Дагы (2)
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (7/ 463).
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (7/ 463).
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (2)
- مجالس تدارس القرآن للمبتدئين (سورة الفاتحة وقصار المفصّل)1وأخرج البخاري عن أبي سعيد الخدري -رضي الله عنه- : « أن رجلا سمع رجلا يقرأ: قل هو الله أحد يرددها، فلما أصبح جاء إلى رسول الله ﷺ فذكر ذلك له، وكأن الرجل يتقالّها، فقال رسول الله ﷺ: والذي نفسي بيده إنها لتعدل ثلث القرآن »([140]).
- موسوعة الإيمانفعَنْ أَبِي سَعِيدٍ الخُدْرِيِّ رضي الله عنه: أَنَّ رَجُلًا سَمِعَ رَجُلًا يَقْرَأُ: {قُلْ هُوَ اللَّهُ أَحَد} أَحَدٌ، يُرَدِّدُهَا. فَلَمَّا أَصْبَحَ جَاءَ إِلَى رَسُولِ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم فَذَكَرَ ذَلِكَ لَهُ، وَكَأَنَّ الرَّجُلَ