Skip to content

Оо, жамандыкты кетирүүчү, адамдардын Раббиси, шыпаа бер, Сен шыпаа берүүчүсүң, Сенин шыпааңдан башка шыпаа жок, оору кайра кайталанбай тургандай шыпаа бере көр.

Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) оорулууга келгенде, ага дуба кылып мындай дечү: «Оо жамандыкты кетирүүчү, адамдардын Раббиси, шыпаа бер, Сен шыпаа берүүчүсүң, Сенин шыпааңдан башка шыпаа жок, оору кайра кайталанбай тургандай шыпаа бере көр!»

كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا أَتَى الْمَرِيضَ يَدْعُو لَهُ قَالَ: «أَذْهِبِ الْبَاسَ، رَبَّ النَّاسِ، وَاشْفِ أَنْتَ الشَّافِي، لَا شِفَاءَ إِلَّا شِفَاؤُكَ، شِفَاءً لَا يُغَادِرُ سَقَمًا».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) оорулууну зыярат кылганда ага дуба кылып мынтип айтчу: Оо, Аллах, (жамандыкты) ошондой эле оорунун катуулугун (кетир) жана жок кыл. Оо, (адамдардын Раббиси), алардын Жаратуучусу жана тарбиялоочусу, бул оорулууга (шыпаа бер), (Сен) Кемчиликсиз (Шыпаа берүүчүсүң) жана мен Сенин Шыпаа берүүчү ысымыңды ортого салып Өзүңдөн суранам, оорулуу үчүн Сенин (шыпааңдан) жана саламаттыгыңдан (башка шыпаа жок), эч бир (оорууну) жана башка илдетти (калтырбай) тургандай толук (шыпаа) бере көр.

Хадистин пайдалары

Шыпаа Берүүчү – Аллах Таала, ал эми дарыгер жана дары – булар себептер, алар Аллахтын уруксатысыз пайда да, зыян да бере албайт.

Оорулууну зыярат кылып кабар алуу – мусулмандардын ортосундагы бири-бирине болгон акыларынан болуп саналат. Ал эми туугандарга карата ал дагы да акылуураак болот.

Оорулууну зыярат кылган адамга ушул сүннөттө келген берекелүү дубаны айтууга кызыктыруу.

Куран жана жакшы дубалар менен шариятка ылайык дем салып дарылануу - Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүнөн. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер ооруп калса, өзүнө-өзү дем салчу, ошондой эле үй-бүлөсүнөн жана башкалардан ким ооруп калса, аларга да дем салчу.

Ибн Хажар айтат: "Көптөгөн хадистерде баяндалгандай, оору күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө жана соопко себеп болору менен бирге, оорулууга шыпаа тилеп дуба кылуу маселеси суроо жаратышы мүмкүн. Буга жооп: Дуба – ибадат. Ал соопко жана күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө карама-каршы келбейт. Анткени ал экөө тең оорунун башталышы жана ага сабыр кылуу менен эле ишке ашат. Ал эми дуба кылуучу эки жакшылыктын ортосунда болот: же анын максат-мүдөөсү орундалат, же болбосо анын ордуна бир пайда келет, же бир зыян андан алыс кылынат. Булардын баары Аллах Тааланын пазилетинен."

Булактар

Сахих ал-Бухари (7/ 134) (5750).

Сахих Муслим (4/ 1721) (2191).

Сахих ал-Бухари (7/ 134) (5750).

Сахих Муслим (4/ 1721) (2191).

Дагы (16)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 162).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 477).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (11/ 539).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 687).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 162).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 477).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (11/ 539).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 687).