Намазга икоомат айтылгандан кийин парз намазынан башка намаз окулбайт.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصلاةفضل صلاة الجماعة وأحكامها
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Намазга икоомат айтылгандан кийин, парз намаздан башка намаз окулбайт".
«إِذَا أُقِيمَتِ الصَّلَاةُ فَلَا صَلَاةَ إلَّا المَكْتُوبَةُ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) парз намазына икоомат айтылгандан кийин мечиттеги адамды напил намаз окуй баштоодон тыйган.
Мечитте болгон учурда парз намазына икоомат айтылса, напил намаз окууга болбойт.
Намазга икоомат айтылгандан кийин напил намаз баштоого болбойт, мейли ал таңкы жана бешим намаздарынын сүннөттөрү сыяктуу бекитилген сүннөт болсун, же башкасы болсун айырмасы жок.
Эгер ал напил намазында турганда намазга икоомат айтылып калса; эгер андан бир ирекеттен аз калган болсо, аны тездетип окуп бүтүрөт. А эгер андай болбосо, киришүү такбиринин артыкчылыгына жетишүү үчүн напил намазын токтотот.
Сахих Муслим (1/ 493) (710).
Сахих Муслим (1/ 493) (710).
Дагы (2)
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (15/ 246).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (15/ 246).