Skip to content

Аны (уруучулдукту) таштагыла, анткени ал жийиркеничтүү.

Жабир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Биз казатта жүргөнбүз. Мухажирлерден бир киши ансарлардан бир кишини артына чаап жиберди. Ансар: "О ансарлар!" - деп кыйкырды. Мухажир болсо: "О мухажирлер!" - деп кыйкырды. Аллах Таала алардын урушун Өзүнүн элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) угузуп, ал: "Эмне болду?" - деп сурады. Алар: Мухажирлерден бирөө ансарлардын бирин чаап жиберди эле, ансар: О ансарлар! - деп, мухажир болсо: О мухажирлер! - деп (уруулаштарын) чакырды - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мындай уруучулдукту таштагыла, анткени ал жийиркеничтүү нерсе" - деди. Жаабир айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келген учурда ансарлар көбүрөөк эле. Кийин мухажирлердин саны көбөйдү. Ошондо (мунафык) Абдулла бин Убай: "Алар чын эле ушундай кылыштыбы? Аллахка ант болсун, эгер Мадинага кайтсак, күчтүүбүз алсызын ал жактан сөзсүз кууп чыгат!" - деди. Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун): "О Аллахтын элчиси, мага уруксат бериңиз, бул мунафыктын башын кыя чабайын!" - деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ага тийбе, адамдар Мухаммад өзүнүн сахабаларын өлтүрүп жатат деп сөз кылышпасын" - деди.

كُنَّا فِي غَزَاةٍ فَكَسَعَ رَجُلٌ مِنَ المُهَاجِرِينَ رَجُلًا مِنَ الأَنْصَارِ، فَقَالَ الأَنْصَارِيُّ: يَا لَلْأَنْصَارِ، وَقَالَ المُهَاجِرِيُّ: يَا لَلْمُهَاجِرِينَ، فَسَمَّعَهَا اللَّهُ رَسُولَهُ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «مَا هَذَا؟» فَقَالُوا: كَسَعَ رَجُلٌ مِنَ المُهَاجِرِينَ رَجُلًا مِنَ الأَنْصَارِ، فَقَالَ الأَنْصَارِيُّ: يَا لَلْأَنْصَارِ، وَقَالَ المُهَاجِرِيُّ: يَا لَلْمُهَاجِرِينَ، فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «دَعُوهَا فَإِنَّهَا مُنْتِنَةٌ» قَالَ جَابِرٌ: وَكَانَتِ الأَنْصَارُ حِينَ قَدِمَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَكْثَرَ، ثُمَّ كَثُرَ المُهَاجِرُونَ بَعْدُ، فَقَالَ عَبْدُ اللَّهِ بْنُ أُبَيٍّ: أَوَقَدْ فَعَلُوا، وَاللَّهِ لَئِنْ رَجَعْنَا إِلَى المَدِينَةِ لَيُخْرِجَنَّ الأَعَزُّ مِنْهَا الأَذَلَّ، فَقَالَ عُمَرُ بْنُ الخَطَّابِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: دَعْنِي يَا رَسُولَ اللَّهِ أَضْرِبُ عُنُقَ هَذَا المُنَافِقِ، قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «دَعْهُ، لاَ يَتَحَدَّثُ النَّاسُ أَنَّ مُحَمَّدًا يَقْتُلُ أَصْحَابَهُ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) казатта сапарда бара жаткан. Жанында мухажирлерден жана ансарлардан болгон сахабалары (аларга Аллах ыраазы болсун) да бар эле. Ошондо мухажирлерден бирөөсү ансарлардын бирин аркасына колу менен уруп жиберет. Ансар: «Эй, ансарлар! Мага жардам бергиле!» – деп кыйкырат. Мухажир да: «Эй, мухажирлер! Мага жардам бергиле!» – дейт. Муну угуп Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Бул эмне кылганыңар?» – деди. Алар айтышты: Мухажирлердин бири ансарлардын биринин аркасына колу менен уруп жиберди. Ошондо ансар: "О ансарлар, мага жардамга келгиле!" - дейт. Ал эми мухажир: "О мухажирлер, мага жардамга келгиле!" - дейт. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Бул эскиден калган адатты таштагыла, анткени ал ыплас, жийиркеничтүү жана зыяндуу. Ал адат – эгер кишини каршылашы жеңип баратса, ал өз элин чакырат, анан алар наадандыктан жана өз элине өзгөчө катуу берилгендиктен, ал зыян берүүчүбү же зыян тартуучубу, ага карабай жардам берүүгө шашылышат", - деди. Жабир айтты: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мединага көчүп келгенде ансарлар көбүрөөк болчу, андан кийин мухажирлер көбөйдү. Эки жүздүүлөрдүн башчысы Абдуллах ибн Убай ибн Салул: «Иш ушул чекке жеттиби?! Аллахка ант, эгер биз Мединага кайтсак, күч-кудуреттүүлөр – муну менен ал өзүн жана аны менен болгондорду назарда тутту – Мединадан алсыз кор болгондорду – Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана аны менен болгондорду назарда тутту – кууп чыгат!» – деп айтты. Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун): О Аллахтын элчиси, мага уруксат бериңиз, бул мунафыктын башын кыя чабайын, - деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аны жөн кой, адамдар Мухаммад өзүнүн жолдоочуларын өлтүрүп жатат деп сөз кылышпасын, көрүнүшу ушундай болуп жатса дагы", - деди.

Хадистин пайдалары

Сөз болобу же иш болобу, караңгылык доордогу жаман адаттарга жана салттарга тыюу салынган. Анткени Ислам дини адамдарды мындан алыстатып, алар үчүн туура жана акыйкат болгон жолго баштоо үчүн келген.

Жарабаган жаатташуудан сактануу керек. Андан кадимки сасык, жийиркеничтүү нерседен сактангандай сактануу кажет.

Кастык жана жек көрүүчүлүктү козуткан бардык нерсеге тыюу салынган.

Ан-Нававий минтип айткан: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уруучулдукту "жахилияттын (эскликтин) чакырыгы" деп атосу – анын бул нерсени жактырбаганын билдирет. Анткени бул нерсе, жахилият доорунда дүнүйө иштеринде жана ага тиешелүү маселелерде урууларга таянып бири-бирине болушуу адаттарынан болгон. Жахилият доорунда адамдар өз укуктарын уруктардын жана уруулардын жардамы аркылуу алышкан. Ислам дини келип муну жокко чыгарды жана доо-маселелерди шарият өкүмдөрү менен чечти. Эгерде бир адам башка бирөөгө зомбулук көрсөтсө, Исламдын эрежелеринде бекитилгендей, казы алардын ортосунда өкүм чыгарат жана кылган зомбулугуна жараша ага тийиштүү чараны милдеттендирет.

Ас-Синдий минтип айткан: "Туркөйлүк доорунун адамдары кылгандай, өз уруусунан болгондугу үчүн эле ага болушуу туура эмес экени баян кылынды. Ошондуктан, ар кимдин өз уруусун (жардамга) чакыруусуна эч кандай негиз жок. Ал эми акыйкатка болушуу — ал адам өз уруусунан болобу же жокпу, ар бир момун үчүн зарыл талап болуп саналат".

Эки жүздүүлөрдүн пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын сахабаларына (аларга Аллах ыраазы болсун) карата тилдеринин бузуктугу жана батынып душмандык кылганы.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки жүздүүлөрдөн жеткен зыяндарга карата өтө токтоолугу жана сабырдуулугу.

Адамдарды Исламга кирүүдөн качырган ар бир амалдан эскертүү. Ошондуктан, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар: "Мухаммад өз сахабаларын өлтүрүп жатат", - деп айтпоолору үчүн мунафыктарды өлтүрүүдөн тыйылган.

Булактар

Сахих ал-Бухари (6/ 154) (4907).

Сахих Муслим (4/ 1998) (2584).

Сахих ал-Бухари (6/ 154) (4907).

Сахих Муслим (4/ 1998) (2584).

Дагы (8)

النهاية في غريب الحديث والأثر (801) (899).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (19/ 241).

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (6/ 560).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (40/ 596).

النهاية في غريب الحديث والأثر (801) (899).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (19/ 241).

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (6/ 560).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (40/ 596).