Skip to content

СубханАллах! Чындыгында, момун адам нажас болбойт.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Ал (Абу Хурайра) Мединанын көчөлөрүнүн биринде жунуб абалында Пайгамбар менен жолугуп калат. Ал акырын жылып кетип, гусул алып келди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны издеп калды. Ал келгенде, Пайгамбар: «Эй, Абу Хурайра, кайда болдуң?» – деп сурады. Ал: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен жунуп абалымда сизге жолугуп калдым, ошондуктан гусул алмайынча сиз менен отурууну каалабадым», - деп жооп берди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «СубханАллах! Чындыгында, момун адам нажас (ыплас) болбойт» – деп айтты.

أَنَّهُ لَقِيَهُ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي طَرِيقٍ مِنْ طُرُقِ الْمَدِينَةِ وَهُوَ جُنُبٌ، فَانْسَلَّ فَذَهَبَ فَاغْتَسَلَ، فَتَفَقَّدَهُ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَلَمَّا جَاءَهُ قَالَ: «أَيْنَ كُنْتَ يَا أَبَا هُرَيْرَةَ؟» قَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، لَقِيتَنِي وَأَنَا جُنُبٌ فَكَرِهْتُ أَنْ أُجَالِسَكَ حَتَّى أَغْتَسِلَ، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «سُبْحَانَ اللهِ، إِنَّ الْمُؤْمِنَ لَا يَنْجُسُ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мадинанын көчөлөрүнүн биринде Абу Хурайрага (Аллах андан ыраазы болсун) жолугуп калат. Анда Абу Хурайра жунуб абалында болчу. Ал өзүн нажас деп ойлоп жана Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) улуктагандыктан, ушундай абалда аны менен чогуу отурууну жана сүйлөшүүнү туура көргөн жок. Ошондуктан ал билдирбестен кетип гусул алды да, анан кайра келип отурду. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан кайда барганын сурады. Ошондо ал ага өзүнүн абалын, жунуптуктан улам таза эмес болуп аны менен бирге отурууну туура көрбөгөндүгүн айтты. Анда Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таң калып, ага мындай деди: Чындыгында, момун адам таза, ал кандай гана абалда болбосун: тирүүсүндө да, өлгөндө да нажас болбойт.

Хадистин пайдалары

Жунуб болуу намаз окуудан, Куранды кармоодон жана мечитте туруудан гана тыят. Бирок мусулмандар менен бирге отуруудан жана алар менен жолугушуудан тыйбайт. Ошондой эле, муну менен жунуб киши нажас болуп калбайт.

Момундун тирүүсүндө жана өлгөндөн кийин тазалыгы.

Пазилеттүү, илимдүү жана салих адамдарды урматтоо жана алар менен эң жакшы абалда отуруу.

Баш ийүүчү адам кетерде башчысынан уруксат суроосунун шариятта каралгандыгы. Чындыгында, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Абу Хурайранын (Аллах андан ыраазы болсун) ага билдирбестен кетип калганын туура эмес көргөн. Анткени, уруксат суроо – жакшы адептен болуп саналат.

Таң калган учурда "СубханАллах" деп айтуу.

Көпчүлүктүн пайдасы үчүн өзү тууралуу уяттуу нерсени айтуу уруксат.

Каапыр адам – нажас (ыплас), бирок анын нажасаттыгы акыйдасынын (ишениминин) бузуктугу себептүү маанилик (рухий) болуп саналат.

Ан-Нававий минтип айткан: Ошондой эле, бул хадистеги адептердин дагы бири: эгерде аалым адам өзүн ээрчиген адамдан туура эмес болуп калуусунан кооптонгон бир ишти көрсө, андан ал тууралуу сурап, ага туурасын айтып, анын өкүмүн түшүндүрүп берет. Аллах Билүүчү.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 65) (285).

Сахих Муслим (1/ 282) (371).

Сахих ал-Бухари (1/ 65) (285).

Сахих Муслим (1/ 282) (371).

Дагы (12)

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 46).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص61).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (1/ 74).

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 46).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص61).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (1/ 74).