Skip to content

Оо, Аллах! Сени менен жаман кулк-мүнөздөрдөн, жаман иш-аракеттерден жана напси каалоолорунан сактанам.

Кутба ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтар эле:

«Оо, Аллах! Сени менен жаман кулк-мүнөздөрдөн, жаман иш-аракеттерден жана напси каалоолорунан сактанам». Транскрипциясы: «Аллаахумма иннии аъуузу бика мин мункараатил-ахлааки вал-аъмаали вал-ахваа.»

«اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ مُنْكَرَاتِ الأَخْلاَقِ وَالأَعْمَالِ وَالأَهْوَاءِ».

Ат-Тирмизи жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дубаларынын бири ушундай эле: (Оо, Аллах! Мен сактанам) баш калкалайм жана коргоо тилейм (Сени менен) Сенден башка менен эмес. (Жаман нерселерден) Аллах жана Анын Элчиси тыюу салган, (кулк-мүнөздөрдөн) кек сактоо, көрө албастык жана текебердик сыяктуу. (Жана) жаман (иш-аракеттерден) сөгүнүү жана тилдөө сыяктуу. (Жана) бардык (напси каалоолорунан) напси эңсеген жана шариятка каршы келген.

Хадистин пайдалары

Бул дубанын артыкчылыгы жана аны айтуу мустахаб.

Ыймандуу адам жаман кулк-мүнөздөрдөн жана күнөө иштерден алыс болууга аракет кылат, ошондой эле напсинин каалоосуна ээрчүүдөн жана кумарларга берилүүдөн этият болот.

Адеп-ахлактын, иш-аракеттердин жана каалоолордун жаман жана жакшы болуп бөлүнүшү.

Булактар

Сунан ат-Тирмизи (5/ 544) (3591).

Сунан ат-Тирмизи (5/ 544) (3591).

Дагы (12)

فتح ذي الجلال والاكرام بشرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (6/ 389).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (10/ 248).

توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.

للبسام (7/ 436).

فتح ذي الجلال والاكرام بشرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (6/ 389).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (10/ 248).

توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.

للبسام (7/ 436).