Skip to content

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) арабызда бар кезде, биз битир садакасын чоң-кичине, азат же кул экенине карабай, ар бир жанга тамактан бир сааъ (4 ууч) же куруттан бир сааъ, же арпадан бир сааъ, же курмадан бир сааъ, же мейизден бир сааъ өлчөмүндө чыгарчубуз.

Абу Саид Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү тирүүсүндө, биз фитир садакасын улуу-кичүү, азат же кул болгон ар бир жан үчүн тамактан бир сааъ, же куруттан бир сааъ, же арпадан бир сааъ, же курмадан бир сааъ, же мейизден бир сааъ өлчөмүндө чыгарчубуз. Муавия ибн Абу Суфян (Аллах андан ыраазы болсун) ажылыкка же умрага келгенге чейин ушинтип чыгарып жүрдүк. Ал минбарда элге кайрылып сүйлөгөндө: «Менимче, Шамдын буудайынан эки мудд (эки ууч) курманын бир сааъына тең келет»,- деди. Адамдар муну кабыл алышты. Ал эми Абу Саид: «Мен болсо, көзүм тирүүсүндө аны мурда кандай чыгарып жүргөн болсом, өмүр бою ошондой гана чыгара берем»,- деп айтты.

كُنَّا نُخْرِجُ إِذْ كَانَ فِينَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ زَكَاةَ الْفِطْرِ، عَنْ كُلِّ صَغِيرٍ وَكَبِيرٍ، حُرٍّ أَوْ مَمْلُوكٍ، صَاعًا مِنْ طَعَامٍ، أَوْ صَاعًا مِنْ أَقِطٍ، أَوْ صَاعًا مِنْ شَعِيرٍ، أَوْ صَاعًا مِنْ تَمْرٍ، أَوْ صَاعًا مِنْ زَبِيبٍ، فَلَمْ نَزَلْ نُخْرِجُهُ حَتَّى قَدِمَ عَلَيْنَا مُعَاوِيَةُ بْنُ أَبِي سُفْيَانَ رضي الله عنه حَاجًّا، أَوْ مُعْتَمِرًا فَكَلَّمَ النَّاسَ عَلَى الْمِنْبَرِ، فَكَانَ فِيمَا كَلَّمَ بِهِ النَّاسَ أَنْ قَالَ: إِنِّي أَرَى أَنَّ مُدَّيْنِ مِنْ سَمْرَاءِ الشَّامِ، تَعْدِلُ صَاعًا مِنْ تَمْرٍ، فَأَخَذَ النَّاسُ بِذَلِكَ، قَالَ أَبُو سَعِيدٍ: فَأَمَّا أَنَا فَلَا أَزَالُ أُخْرِجُهُ كَمَا كُنْتُ أُخْرِجُهُ، أَبَدًا مَا عِشْتُ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Мусулмандар Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана андан кийинки туура жолдогу халифалардын доорунда фитир садакасын чоң-кичик дебей, азыктан бир сааъ өлчөмүндө беришкен. Алардын азыгы арпа, мейиз, кургатылган жүзүм, курут, кургатылган сүт жана курма болгон. Бир сааъ дегенибиз — төрт мудд. Ал эми мудд — орто бойлуу адам эки колун бириктирип уучтаганда батканчалык өлчөм. Муавия (Аллах андан ыраазы болсун) халифа болуп турган кезинде Мадинага келгенде, Шамдын буудайы көбөйгөн эле. Ошондо ал кутба кылып: «Менин оюмча, Шам буудайынын эки мудду (жарым сааъ) курманын бир сааъына тең келет»,— деди. Адамдар ушул чечимге амал кылышты. Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ал эми мен болсом, аны Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) доорунда кандай чыгарып келген болсом, өмүрүм өткүчө дайыма ошондой чыгара берем".

Хадистин пайдалары

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заманындагы фитир садакасынын өлчөмү — азыктын түрү жана баасы ар кандай болгонуна карабастан, тамак-аштан бир сааъ өлчөмүндө берилген.

Адамдардын негизги тамак-ашы катары колдонулган бардык азыктар фитир садакасына жарамдуу. Ал эми хадисте азыктын төрт түрүнүн гана өзгөчө аталып калышынын себеби — алар Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) доорунда элдин күнүмдүк тамак-ашы болгондугунда.

Фитирге азыктан башка акча-тыйын чыгарып берүү жарабайт.

Имам ан-Навави «Сахих Муслимдин» шархында (түшүндүрмөсүндө) минтип айткан: «Сахабалардын пикирлери карама-каршы келип, келишпей калган учурда, биринин сөзү экинчисинен артыкчылыкка (абзелдикке) ээ болбойт. Мындай абалда биз башка далилдерге кайрылабыз. Хадистердин ачык мааниси менен кыяс (окшоштуруу эрежеси), башка азыктардагыдай эле, буудайдан да бир сааъ өлчөмүндө чыгаруу шарт экенине бирдей далил болуп жатканын көрдүк. Демек, ушул негизге таянуу милдеттүү болуп саналат».

Ибн Хажар минтип айткан: «Абу Саиддин хадисинде анын асарларды (сахабалардын жолун жана сүннөттү) бекем кармангандыгы, Пайгамбарга катуу ээрчигендиги жана насс (ачык далил) болуп турганда ижтихад кылууга (жеке пикир жүргүзүүгө) өтүүдөн баш тарткандыгы баяндалат. Ал эми Муавиянын кылган ишинде жана адамдардын ага макул болушунда ижтихад кылуунун уруксат экендигине далил бар. Ал [ижтихад] өз ордунда мактоого татыктуу, бирок насс (ачык далил) бар кезде жараксыз болуп эсептелет».

Булактар

Сахих ал-Бухари (2/ 131) (1508).

Сахих Муслим (2/ 678) (985).

Дагы (6)

تيسير العلام.

لعبد الله البسام (ص309).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.

لابن عثيمين (3/ 409).

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 251).