Силер мага ишенбейсиңерби? Мен асмандагынын аманаткөйү болсом, мага эртең менен жана кечинде асмандын кабары келип турат.
Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) Йеменден Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) топурагынан тазалана элек кичинекей алтынды ашатылган териге салып жиберди. Анан ал аны төрт кишинин: Уяйна ибн Бадрдын, Акра ибн Хабистин жана Зайд ал-Хайлдын ортосунда бөлүштүрдү, ал эми төртүнчүсү же Алкама, же Амир ибн Туфайл эле. Ошондо анын сахабаларынын бири: "Буларга караганда буга биз көбүрөөк акылуу элек" - деди. Бул сөз Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеткенде, ал: «Силер мага ишенбейсиңерби? Мен асмандагынын аманаткөйү болсом, мага эртең менен жана кечинде асмандын кабары келип турат.» - деди. Ошондо көздөрү чуңкурайган, жаак сөөктөрү чыгып турган, маңдайы дөңчөйгөн, сакалы коюу, чачы кырылган жана балагын түрүнүп алган бир киши ордунан туруп: "Оо, Аллахтын элчиси, Аллахтан корк!" - деди. Ал: «Шооруң курсун! Жер бетиндегилердин арасынан Аллахтан коркууга эң акылуусу мен эмесминби?!» - деди. Анан ал киши бурулуп кетип калды. Халид ибн Валид: "Оо, Аллахтын элчиси, мен анын башын алайынбы?" - деди. Ал: «Жок, балким, ал намаз окуйт» - деди. Халид: "Намаз окугандардын канчасы тили менен жүрөгүндө жок нерсени айтышат" - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Чындыгында, мага адамдардын жүрөктөрүн тинтип, курсактарын жарып көрүү буйрулган эмес» - деди. Андан кийин ал артын салып кетип бараткан кишинин артынан карап мындай деди: «Чындыгында, мунун тукумунан Аллахтын китебин тынымсыз, көп окуган, бирок окугандары кекиртектеринен ары өтпөгөн бир коом чыгат. Алар жаанын огу атылган жаныбарды тешип өткөндөй динден чыгышат». Менимче, ал дагы: «Эгер мен аларга жетсем, аларды Самуд эли өлтүрүлгөндөй кырып өлтүрмөкмүн» - деп айтты.
بَعَثَ عَلِيُّ بْنُ أَبِي طَالِبٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ إِلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مِنَ اليَمَنِ بِذُهَيْبَةٍ فِي أَدِيمٍ مَقْرُوظٍ، لَمْ تُحَصَّلْ مِنْ تُرَابِهَا، قَالَ: فَقَسَمَهَا بَيْنَ أَرْبَعَةِ نَفَرٍ، بَيْنَ عُيَيْنَةَ بْنِ بَدْرٍ وَأَقْرَعَ بْنِ حابِسٍ وَزَيْدِ الخَيْلِ، وَالرَّابِعُ: إِمَّا عَلْقَمَةُ وَإِمَّا عَامِرُ بْنُ الطُّفَيْلِ، فَقَالَ رَجُلٌ مِنْ أَصْحَابِهِ: كُنَّا نَحْنُ أَحَقَّ بِهَذَا مِنْ هَؤُلاَءِ، قَالَ: فَبَلَغَ ذَلِكَ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ: «أَلاَ تَأْمَنُونِي وَأَنَا أَمِينُ مَنْ فِي السَّمَاءِ، يَأْتِينِي خَبَرُ السَّمَاءِ صَبَاحًا وَمَسَاءً»، قَالَ: فَقَامَ رَجُلٌ غَائِرُ العَيْنَيْنِ، مُشْرِفُ الوَجْنَتَيْنِ، نَاشِزُ الجَبْهَةِ، كَثُّ اللِّحْيَةِ، مَحْلُوقُ الرَّأْسِ، مُشَمَّرُ الإِزَارِ، فَقَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ اتَّقِ اللَّهَ، قَالَ: «وَيْلَكَ، أَوَلَسْتُ أَحَقَّ أَهْلِ الأَرْضِ أَنْ يَتَّقِيَ اللَّهَ» قَالَ: ثُمَّ وَلَّى الرَّجُلُ، قَالَ خَالِدُ بْنُ الوَلِيدِ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أَلاَ أَضْرِبُ عُنُقَهُ؟ قَالَ: «لاَ، لَعَلَّهُ أَنْ يَكُونَ يُصَلِّي» فَقَالَ خَالِدٌ: وَكَمْ مِنْ مُصَلٍّ يَقُولُ بِلِسَانِهِ مَا لَيْسَ فِي قَلْبِهِ، قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنِّي لَمْ أُومَرْ أَنْ أَنْقُبَ عَنْ قُلُوبِ النَّاسِ وَلاَ أَشُقَّ بُطُونَهُمْ» قَالَ: ثُمَّ نَظَرَ إِلَيْهِ وَهُوَ مُقَفٍّ، فَقَالَ: «إِنَّهُ يَخْرُجُ مِنْ ضِئْضِئِ هَذَا قَوْمٌ يَتْلُونَ كِتَابَ اللَّهِ رَطْبًا، لاَ يُجَاوِزُ حَنَاجِرَهُمْ، يَمْرُقُونَ مِنَ الدِّينِ كَمَا يَمْرُقُ السَّهْمُ مِنَ الرَّمِيَّةِ»، وَأَظُنُّهُ قَالَ: «لَئِنْ أَدْرَكْتُهُمْ لَأَقْتُلَنَّهُمْ قَتْلَ ثَمُودَ».
Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) Йеменден Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каражы өсүмдүгү менен ийленген териге салынган, топурагынан тазалана элек бир бөлүк алтынды жөнөттү. Ошентип, ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны төрт адамдын ортосунда бөлүштүрдү: Уяйна ибн Бадр ал-Фазари, Акра ибн Хабис ал-Ханзали, Зайд ал-Хайл ан-Набхани жана Алкама ибн Уласа ал-Аамири, ошондо анын жоро-жолдошторунан бир киши: Биз буга аларга караганда көбүрөөк акылуу элек, – деди. Бул кабар Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеткенде, ал мынтип айтты: «Силер мага ишенбейсиңерби? Мен асмандагынын аманаткөйү болсом, мага эртең менен жана кечинде асмандын кабары келип турат». Ал айтты: Анан көздөрү уясына кирип кеткен, бет сөөктөрү бийик жана чыгып турган, бешенеси бийик, сакалы коюу, бирок узун эмес, чачы алынган, денесинин ылдый жагын жаап турган изарын өйдө көтөргөн бир киши ордунан туруп, мындай деди: «Оо, Аллахтын элчиси, Аллахтан корк!» Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Шоруң курсун, Жер бетиндегилердин арасынан Аллахтан коркууга эң акылуусу мен эмесминби?!» Айтты: Андан соң ал киши бурулуп кетти, Халид ибн Валид мындай деди: Оо, Аллахтын элчиси, мен анын башын алайынбы? Ал: Жок, балким ал намаз окуйт - деди. Анда Халид мындай деди: Намаз окугандардын канчасы тили менен жүрөгүндө жок нерсени айтышат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Мен адамдардын жүрөктөрүн тинтип, курсактарын жарып көрүүгө буйрулган жокмун. Мен болгону алардын иштеринин сырткы көрүнүшүнө карап мамиле кылууга буйрулдум," – деди. Андан кийин ал артын салып кетип бараткан кишинин артынан карап мындай деди: «Акыйкатта, бул адамдын урпактарынан жана анын жолдошторунан же уруусунан Аллахтын китебин кооз үн менен окууга чебер болгон бир коом чыгат. Аны көп окугандыктан алардын тилдери нымдуу болот. Бирок Куран алардын кекиртектеринен ары өтпөйт, жүрөктөрү аны аңдап-түшүнүп, аларды оңдобойт. Аллах аны жогору көтөрбөйт жана кабыл кылбайт. Алар жаанын огу атылган олжону тешип өткөн сыяктуу, Исламдан өтө тез жана жеңил чыгып кетишет». Менимче, ал мындай деди: «Эгерде алардын мусулмандарга кылыч менен каршы чыккан күнүнө жетсем, анда мен аларды Самуд коому сыяктуу катуу өлтүрөм».
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кичипейилдүүлүгү жана кыйынчылыктарга сабыр кылуусу.
Пайгамбардын пайгамбарлыгы тастыкталып, ага берилген нерсе Аллахтан келген вахий экендигинин бекемделиши.
Адамдарга мамиле кылуу алардын иш-аракеттеринин сырткы көрүнүштөрүнө негизделет, ал эми алардын ички сырлары Аллахка тапшырылат.
Намаздын кадырын улуктоо жана намаз окугандарды бир гана Ислам дини укук берген абалдарда гана өлтүрүүгө уруксат экендиги.
Хавариждердин коркунучтуулугу, эгерде алар согушса, алардын зыянын кайтаруу үчүн аларга каршы согушууга шариятта уруксат берилет.
Имам Навави мындай деген: Алар менен согушууга кызыктыруу жана алар менен согушууда Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) пазилети.
Курандын үстүнөн ой жүгүртүү, аны түшүнүү, ага ылайык амал кылуу жана аны бекем кармоонун маанилүүлүгү.
Сахих ал-Бухари (5/ 163) (4351).
Сахих Муслим (2/ 741) (1064).
Дагы (13)
عمدة القاري شرح صحيح البخاري.
لمحمود العيني (18/ 7).
المصباح المنير في غريب الشرح الكبير.
لأحمد الفيومي (2/ 499).
فتح الباري شرح صحيح البخاري.
لابن حجر(12/ 292).
إكمال المعلم بفوائد مسلم.
للقاضي عياض (3/ 607).
تاج العروس من جواهر القاموس.
للزبيدي (2/ 452).
شرح كتاب التوحيد من صحيح البخاري.
لعبد الله الغنيمان (1/ 451).
معجم اللغة العربية المعاصرة (2/ 1649).