Чынында бейишке кирүүчү биринчи жамаат (көрүнүшү) толук ай толгон түндөгү айдын сүрөтүндөй болот. Андан кийин алардын артынан келгендер асмандагы эң жаркырап жанып турган нурдуу жылдыз сыяктуу болушат.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:
«Чынында бейишке кирүүчү биринчи жамаат (көрүнүшү) толук ай толгон түндөгү айдын сүрөтүндөй болот. Андан кийин алардын артынан келгендер асмандагы эң жаркырап жанып турган нурдуу жылдыз сыяктуу болушат. Алар заара кылышпайт, чоң даарат ушатышпайт, түкүрүшпөйт жана чимкиришпейт. Алардын тарактары алтындан, ал эми терлери миск. Түтөткүчтөрү жыттуу уд жыгачы болот. Жана алардын аялдары бакыраң көздүү хур айымдар болот. Алардын баары бир адамдын жаратылышындай, атасы Адамдын сүрөтүндө болуп, бойлору асманга карай алтымыш чыканак болот».
«إِنَّ أَوَّلَ زُمْرَةٍ يَدْخُلُونَ الجَنَّةَ عَلَى صُورَةِ القَمَرِ لَيْلَةَ البَدْرِ، ثُمَّ الَّذِينَ يَلُونَهُمْ عَلَى أَشَدِّ كَوْكَبٍ دُرِّيٍّ فِي السَّمَاءِ إِضَاءَةً، لاَ يَبُولُونَ وَلاَ يَتَغَوَّطُونَ، وَلاَ يَتْفِلُونَ وَلاَ يَمْتَخِطُونَ، أَمْشَاطُهُمُ الذَّهَبُ، وَرَشْحُهُمُ المِسْكُ، وَمَجَامِرُهُمْ الأَلُوَّةُ الأَنْجُوجُ، عُودُ الطِّيبِ وَأَزْوَاجُهُمُ الحُورُ العِينُ، عَلَى خَلْقِ رَجُلٍ وَاحِدٍ، عَلَى صُورَةِ أَبِيهِمْ آدَمَ، سِتُّونَ ذِرَاعًا فِي السَّمَاءِ».
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейишке кире турган момундардын эң алгачкы жамаатынын жүздөрү жарыктыгы боюнча толуп турган айдын көрүнүшүндөй болорун кабарлаган. Андан кийинкилери асмандагы эң жарык жылдыздай жаркырайт. Алар кемчиликсиз сыпаттарга ээ болушат: алар заара кылышпайт жана чоң даарат ушатышпайт, түкүрүшпөйт жана чимкиришпейт. Алардын тарактары алтын, терлери миск болот, ал эми түтөткүчтөрүнөн эң жагымдуу атырдын жана эң таза жыпар жыттын жыты аңкып турат. Алардын жубайлары хур айымдар болот. Алардын бардыгы бир адамдын жаратылышындай жаратылган болуп, бою жана келбети атасы Адамдын сүрөтүндөй болот. Анын денесинин узундугу асманга карай алтымыш чыканак болот.
Бейиш ээлеринин сыпатын баяндоо. Алардын даражасына жана амалдарына жараша андагы айырмачылыктары.
Маанини жакындатуу жана түшүндүрүү үчүн окшоштурууну колдонуу.
Имам Куртубий айтат: "Балким: «Алар сакалсыз болсо жана чачтары кирдебесе, тарака эмне муктаждыктары бар? Алардын жыты мисктен да жагымдуу болсо, жыпар жыт түтөтүүгө эмне муктаждыктары бар?» – деп айтылышы мүмкүн. Буга мындай деп жооп берилет: «Бейиш ээлеринин жеп-ичүү, кийинүү жана жыпар жыт сыяктуу жыргалчылыктары ачкачылыктын, суусагандыктын, жылаңачтыктын же жагымсыз жыттын себебинен эмес. Тескерисинче, бул – биринин артынан бири уланган ырахаттар жана үзгүлтүксүз келген жакшылыктар. Мунун даанышмандыгы – алар бул дүйнөдө кандай нерселерден ырахат алышкан болсо, ошол сыяктуу эле жыргалчылыктарга бөлөнүүсү»."
Сахих ал-Бухари (4/ 132) (3327).
Сахих Муслим (4/ 2179) (2834).
Сахих ал-Бухари (4/ 132) (3327).
Сахих Муслим (4/ 2179) (2834).
Дагы (4)
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (15/ 209).
النهاية في غريب الحديث والأثر ص44.
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (15/ 209).
النهاية في غريب الحديث والأثر ص44.