Аллах жолунда бир пенденин эки буту чаң болсо, ага тозок оту тийбейт.
Абу Абс Абдурахман ибн Жабр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Аллах жолунда пенденин эки буту чаң болсо, ага тозок оту тийбейт».
«مَا اغْبَرَّتْ قَدَمَا عَبْدٍ فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَتَمَسَّهُ النَّارُ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах жолунда күрөшүп жүрүп эки бутуна чаң жуккан адамга тозок оту тийбестигин сүйүнчүлөп, кабар берди.
Аллах жолунда күрөшкөн адамга тозоктон кутулуу сүйүнчүсү.
Чаң бүт денени каптаса да, эки бутту эскерди. Анткени ал заманда Аллах жолунда согушкандардын көбү жөө жүрүшкөн жана кандай болгон күндө да буттарды чаң басат.
Ибн Хажар айтат: Эгерде бутка чаңдын жугуусу эле ага тозок отун арам кылса, анда умтулуп, бүт күч-аракетин жумшаган жана колунан келген бардык мүмкүнчүлүгүн сарптаган адамдын абалы кандай болот?!
Сахих ал-Бухари (4/ 20) (2811).
(2/ 7) (907).
Сахих ал-Бухари (4/ 20) (2811).
(2/ 7) (907).
Дагы (16)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 424).
التنوير شرح الجامع الصغير.
للصنعاني (7/ 361).
فيض القدير شرح الجامع الصغير.
للمناوي (5/ 437).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 911).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 424).
التنوير شرح الجامع الصغير.
للصنعاني (7/ 361).
فيض القدير شرح الجامع الصغير.
للمناوي (5/ 437).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 911).