Skip to content

Кыямат күнү момун адам Кудуреттүү, Улук Раббисине жакындатылат. Анан (Аллах) аны Өз коргоосуна алып, бардык күнөөлөрүн мойнуна алдыртып.

Сафван ибн Мухриз айтат: Бир адам Ибн Умарга (Аллах алардан ыраазы болсун): "Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) нажва (купуя сөз) жөнүндө эмне деп айтканын уктуң эле?" – деп сурады. Ал айтты: "Мен анын мынтип айтканын уктум":

«Кыямат күнү момун адам Кудуреттүү, Улук Раббисине жакындатылат. Анан (Аллах) аны Өз коргоосуна алып, бардык күнөөлөрүн мойнуна алдыртып: «(Күнөөлөрүңдү) билесиңби?» – деп сурайт. Пенде: «Ооба, оо, Раббим, билемин» – деп жооп берет. (Аллах): «Чынында, Мен сенин (бул) күнөөлөрүңдү дүйнөдө жашырган болчумун. Бүгүн сен үчүн аларды кечиремин» – дейт. Анан ага жакшылык баракчасы (китеби) берилет. Ал эми, каапыр жана мунафыктарды бардык калайыктын көз алдында: «Мына булар Аллахка жалган сүйлөгөндөр» – деп айтылат».

«يُدْنَى الْمُؤْمِنُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ مِنْ رَبِّهِ عَزَّ وَجَلَّ، حَتَّى يَضَعَ عَلَيْهِ كَنَفَهُ، فَيُقَرِّرُهُ بِذُنُوبِهِ، فَيَقُولُ: هَلْ تَعْرِفُ؟ فَيَقُولُ: أَيْ رَبِّ أَعْرِفُ، قَالَ: فَإِنِّي قَدْ سَتَرْتُهَا عَلَيْكَ فِي الدُّنْيَا، وَإِنِّي أَغْفِرُهَا لَكَ الْيَوْمَ، فَيُعْطَى صَحِيفَةَ حَسَنَاتِهِ، وَأَمَّا الْكُفَّارُ وَالْمُنَافِقُونَ، فَيُنَادَى بِهِمْ عَلَى رؤُوسِ الْخَلَائِقِ هَؤُلَاءِ الَّذِينَ كَذَبُوا عَلَى اللهِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Кыямат күнү Аллах Тааланын момун пендеси менен жекече сүйлөшүүсү жөнүндө кабарлап, мынтип айткан: Кыямат күнү ыймандуу киши Раббисине жакындатылып, анын сырын башка эч ким билбеши үчүн (Аллах) аны элдерден жашырат да, ага мындай дейт: «Баланча-түкүнчө күнөөңдү билесиңби?»... Пенде менен Раббисинин ортосундагы күнөөлөрдү анын мойнуна алдыртат. Ал:«Ооба, оо, Раббим!» – деп жооп берет. Ошентип, ыймандуу киши коркуп, үрөйү учкан кезде, Аллах ага: «Мен сенин (бул) күнөөлөрүңдү дүйнөдө жашырган болчумун. Бүгүн сен үчүн аларды кечиремин» – дейт. Анан пендеге жакшылык баракчасы берилет. Ал эми, каапыр жана мунафыктар (эки жүздүүлөр) бардык күбөлөрдүн алдында ашкереленип: «Мына булар Раббилерине жалган сүйлөшкөн. Билип койгула, заалымдарга Аллахтын наалаты болот!» – деп айтылат.

Хадистин пайдалары

Ыймандуу адамдардын айыптарын дүйнөдө да, акыретте да жашырганы бул – Аллах Тааланын пазилети жана ырайымы.

Момундун айыбын мүмкүн болушунча жашырууга үндөө.

Пенделердин бардык амалдарын пенделердин Раббиси эсептеп коёт. Ошондуктан кимде-ким жакшылык тапса, анда Аллахка мактоо-шүгүрлөрдү айтсын. Ал эми кимде-ким андан башканы тапса, анда ал өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн жана ал Аллахтын каалоосу алдында болот.

Ибн Хажар мынтип айткан: Хадистердин жыйындысы көрсөткөндөй, момундардын ичинен күнөөкөрлөр Кыямат күнү эки бөлүккө бөлүнөт: Алардын биринчиси: Күнөөсү өзү менен Раббисинин ортосунда болгондор. Ибн Умардын хадиси көрсөткөндөй, бул бөлүк дагы эки тайпага бөлүнөт: Бир тайпанын күнөөсү бул дүйнөдө жашыруун болот, хадистин ачык маанисинде айтылгандай, Аллах аларды Кыямат күнү да жашырат. Ал эми экинчи тайпа күнөөсүн ачык жасагандар, хадистин кыйыр мааниси көрсөткөндөй, алардын абалы мунун тескериси болот. Экинчи бөлүгү: Күнөөсү өзү менен пенделердин ортосунда болгондор. Булар дагы эки тайпага бөлүнөт: Бир тайпанын күнөөлөрү соопторунан оор келет, алар тозокко түшөт да, андан соң шапаат аркылуу андан чыгарылат. Ал эми экинчи тайпанын күнөөлөрү менен сооптору барабар болот, алар ортосунда өз ара эсептешип, бири-биринен акыларын алмайынча бейишке киришпейт.

Булактар

Сахих ал-Бухари (6/ 74) (4685).

Сахих Муслим (4/ 2120) (2768).

Дагы (10)

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 323).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (7/ 12).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 501).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 390).

جامع العلوم والحكم في شرح خمسين حديثا من جوامع الكلم.

لابن رجب الحنبلي (1/ 452).