"Эркектер үчүн саптардын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы - арткылары. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары".
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Эркектер үчүн саптардын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы - арткылары. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары".
«خَيْرُ صُفُوفِ الرِّجَالِ أَوَّلُهَا، وَشَرُّهَا آخِرُهَا، وَخَيْرُ صُفُوفِ النِّسَاءِ آخِرُهَا، وَشَرُّهَا أَوَّلُهَا».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: эркектер үчүн намазда турганда саптардын эң жакшысы жана сообу көбү биринчи саптар; себеби имамга жакын болуп, ал окуган Куранды угат жана арттагы аялдардын сабынан алыс болот. Саптын жаманы, сообу азы жана шарияттын талабынан четте калганы - саптардын акыркысы. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - акыркысы. Анткени акыркы сап аялдар үчүн жашыруун, эркектерге аралашып калуудан, аларды көрүүдөн оолагыраак болот. Ал эми алар үчүн саптардын эң жаманы - алдыңкы сап. Анткени алдыңкы сапта эркектерге жакын болуп, фитна пайда болуусу мүмкүн.
Эркектерди таат-ибадат кылууга шашылууга, намазда алдыңкы саптарга жетишип барууга үндөгөн.
Аялдарга эркектер менен бирге мечитте намаз окууга уруксат. Бирок жабык кийимчен, уяттуулук менен эркектердин артында өзүнчө сапта турууга тийиш.
Аялдар мечитте жамаат менен намаз окуса, эркектер сыяктуу эле араларында ачык калтырбай, катар тизилип сапка туруп намаз окушат.
Бул хадистен эркектер менен аялдарды бири-биринен алыс болууга үндөгөн шарияттын камы канчалык катуу экенин көрөбүз. Шарият алтургай ибадат кылына турган орундарда да эркек менен аялдын аралашуусуна жол бербейт.
Адамдар кылган амалдарына жараша бири-биринен артык болот.
Ан-Навави минтип айткан: Хадисте айтылган эркектердин сабы бардык учурга тиешелүү. Саптардын биринчиси дайыма жакшы. Акыркысы дайыма жаман. Ал эми хадистеги аялдардын сабы, мечитке барып эркектер менен бирге намаз окуган аялдарга гана тиешелүү. Эгерде аялдар өзүнчө намаз окуса, анда эркектер сыяктуу эле алардын да биринчи сабы эң жакшы сап, акыркы сабы эң жаманы болот.
Имам ан-Навави дагы минтип айткан: Хадисте жакшы сап деп макталып айтылган, анда турууга үндөлгөн сап имамдын артындагы сап; ал сапка турган адам эртелеп келдиби же кеч келдиби айырмасы жок.
Сахих Муслим (1/ 326) (440).
Дагы (8)
سبل السلام شرح بلوغ المرام.
للصنعاني (1/ 374 ).
توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (2/ 495).
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (2/ 272).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
للتبريزي (3/ 851).
Китептерде келтирилген
8 Китептер- Азанчы, имам, хатиб жана мечиттердин өкүмдөрүнүн пайдалуу жана кыскача колдонмосу"Эркектердин саптарынын эң жакшысы — алдыңкысы, ал эми эң жаманы (сообу азы) — акыркысы. Аялдардын саптарынын эң жакшысы — арткысы, ал эми эң жаманы — алдыңкысы."
- Азанчы, имам, хатиб жана мечиттердин өкүмдөрүнүн пайдалуу жана кыскача колдонмосу"Эркектердин саптарынын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы (сообу азы) - арткылары. Аялдардын саптарынын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары."
- Пайгамбарыбыздын мечитинин артыкчылыктары жана анда сакталчу адептер, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын эки жакын жолдошунун (Абу Бакр менен Умар) кабырын зыярат кылуунун өкүмдөрү.فضائل وآداب المسجد النبوي، وأحكام زيارة قبر النبي عليه الصلاة والسلام وقبري صاحبيه«Эркектердин саптарынын эң жакшысы — алдыңкысы. Ал эми эң жаманы (сообу азы) — акыркысы. Аялдардын саптарынын эң жакшысы — арткысы. Ал эми эң жаманы — алдыңкысы»[14],
Дагы (5)
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهمالصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«خيرُ صُفوفِ الرّجالِ أوَّلُها، وشَرُّها آخِرُها، وخيرُ صُفوفِ النساء آخِرُها، وشَرها أوَلُها»[321].
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«خَيْرُ صُفُوفِ الرِّجَالِ أَوَّلُهَا، وَشَرُّهَا آخِرُهَا، وَخَيْرُ صُفُوفِ النِّسَاءِ آخِرُهَا، وَشَرُّهَا أَوَّلُهَا»[321].
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح“خير صفوف الرجال أولها، وشرها آخرها، وخير صفوف النساء آخرها، وشرها أولها”.
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 5«خَيْرُ صفوفِ الرِّجالِ أوَّلُهَا، وشرُّها آخرُها، وخيُر صُفوفِ النِّساءِ آخرُها، وشرُّها أوَّلُها».
- مجموعة زاد الفقه (2)الفقه للمستوى الثاني ( مجموعة زاد )«خَيْرُ صُفُوفِ الرِّجَالِ أَوَّلُهَا، وَشَرُّهَا آخِرُهَا، وَخَيْرُ صُفُوفِ النِّسَاءِ آخِرُهَا، وَشَرُّهَا أَوَّلُهَا».