Skip to content

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге чыкты. Биз: О, Аллахтын элчиси, биз сага кантип салам айтканды үйрөндүк, ал эми салаватты кантип айтабыз?

Абдурахман бин Абу Лайла айтат: Мага Каъб бин Уъжра жолугуп: Сага бир белек берейинби? - деди.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге чыкты. Биз: О, Аллахтын элчиси, биз сага кантип салам айтканды үйрөндүк, ал эми салаватты кантип айтабыз? - дедик. Ал: "Аллахумма солли алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад. Камаа соллайта алаа Иброхима, ва алаа аали Иброхим. Иннака хамидум-мажиид. Аллахумма баарик алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад. Камаа бааракта алаа Иброхима, ва алаа аали Иброхим. Иннака хамидум-мажиид, деп айткыла" - деди.

إِنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ خَرَجَ عَلَيْنَا، فَقُلْنَا: يَا رَسُولَ اللَّهِ، قَدْ عَلِمْنَا كَيْفَ نُسَلِّمُ عَلَيْكَ، فَكَيْفَ نُصَلِّي عَلَيْكَ؟ قَالَ: «فَقُولُوا: اللَّهُمَّ صَلِّ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّدٍ، كَمَا صَلَّيْتَ عَلَى آلِ إِبْرَاهِيمَ، إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ، اللَّهُمَّ بَارِكْ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّدٍ، كَمَا بَارَكْتَ عَلَى آلِ إِبْرَاهِيمَ، إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Аттахиятта ага: "Ассаламу алайка айюхан-набию ва рахматуллохи ва баракатух..." деп айтууну үйрөнгөндөн кийин, сахабалар пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кантип салават айтуу керектигин сурашат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга салават кандай айтыларын үйрөтөт. Анын мааниси мындай: "Аллахумма солли алаа Мухаммад ва алаа аали Мухаммад" Мааниси: Бийиктиктеги периштелерге аны жакшы сөздөр менен макта жана динде аны ээрчигендерди, жакындарынан ыймандуу болгондорду да (макта). "Камаа соллайта алаа аали Иброхима" Ибрахим жана анын үй-бүлөсүн, алар Ибрахим, Исмайил, Исхак, алардын урпактары жана алардын динин ээрчиген ыймандуулар, артык кылган сыяктуу, артыкчылыгыңды Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да бер. "Иннака хамидум-мажид" Мааниси: Затыңда, сыпатыңда жана кыймыл-аракетиңде макталгансың, улуктугуңда, башчылыгыңда жана берешендигиңде кененсиң. "Аллахумма баарик алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад, камаа бааракта алаа аали Иброхима" Ага жакшылык жана ыззаттын эң чоңун бергин, аны көбөйт жана түбөлүктүү кыл.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Абалкылар илимий маселелерди бири-бирине айтып белек кылышкан.

Намаздагы акыркы ташахудда пайгамбарга салават айтуу ваажыб.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына ага (өзүнө) салам жана салаватты кантип айтууну үйрөткөн.

Жогорудагы салават пайгамбарга айтылчу салаваттардын эң толугу.

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 77) (6357).

Сахих Муслим (1/ 305) (406).

Дагы (6)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص208).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (2/ 270).

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 170).