Skip to content

Силердин эң жакшыңар - менин доорум. Андан соң алардан кийин келгендер. Андан соң алардан кийин келгендер.

Имрон ибн Хусейн (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

"«Силердин эң жакшыңар - менин доорум. Андан соң алардан кийин келгендер. Андан соң алардан кийин келгендер». Имран айтты: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан кийин эки доорду айттыбы же үч доордубу, билбейм. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, силерден кийин ушундай коом келет: алар кыянаттык кылышат жана аларга ишеним артылбайт, алардан күбөлүк суралбаса да күбөлүк беришет, назир аташат бирок аткарышпайт жана алардын арасында семирүү пайда болот»."

«خَيْرُكُمْ قَرْنِي، ثُمَّ الَّذِينَ يَلُونَهُمْ، ثُمَّ الَّذِينَ يَلُونَهُمْ» قَالَ عِمْرَانُ: لاَ أَدْرِي أَذَكَرَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بَعْدُ قَرْنَيْنِ أَوْ ثَلاَثَةً، قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ بَعْدَكُمْ قَوْمًا يَخُونُونَ وَلاَ يُؤْتَمَنُونَ، وَيَشْهَدُونَ وَلاَ يُسْتَشْهَدُونَ، وَيَنْذِرُونَ وَلاَ يَفُونَ، وَيَظْهَرُ فِيهِمُ السِّمَنُ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип кабарлаган: бир доордо жашаган адамдардын эң жакшы мууну - бул Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын сахабалары болгон муун. Андан кийин аларга удаа келген, сахабаларды көрүп, бирок Аллахтын Элчисин көрбөй калган момундар (табииндер). Андан соң аларга удаа келгендер, алар – табииндерди ээрчигендер (таба табииндер). Ал эми сахаба алардан кийинки төртүнчү муундун айтылган-айтылбаганына күмөн санаган. Андан соң Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: «Чындыгында, алардан кийин ушундай бир коом келет: алар кыянаттык кылышат жана адамдар аларга ишеним артышпайт. Алардан күбөлүк талап кылына электе эле күбөлүк беришет. Назир кылышат, бирок аны аткарышпайт. Тамак-аш менен суусундуктарга аша чаап берилип кетишет, натыйжада алардын арасында семиздик пайда болот».

Хадистин пайдалары

Дүйнөнүн бүткүл өмүрүндөгү эң жакшы муун жана доор - бул Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын сахабалары жашаган доор. Сахих ал-Бухариде Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканы келген: «Мен Адам балдарынын кылымдарынын эң жакшысында, кылымдан кылымга өтүп олтуруп, акыры өзүм жашаган кылымда (дүйнөгө) жиберилдим».

Ибн Хажар мынтип айткан: "Бул хадис сахабалардын табииндерден абзел экендигин, ал эми табииндердин таба табииндерден абзел экендигин билдирет. Бирок бул артыкчылык жалпыга тиешелүүбү же жеке адамдаргабы? Бул изилдөө маселеси, көпчүлүк аалымдар экинчисине ыкташкан."

Алгачкы үч муундун жолун ээрчүүнүн зарылдыгына берилген белги. Анткени, кимдин доору пайгамбарлык дооруна жакын болсо, ал артыкчылыкта, илимде жана Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолун ээрчип, андан өрнөк алууда татыктуураак болот.

Назир - бул, мукаллафтын (бойго жеткен акылдуу адам) өзүнө-өзү шарият буйрубаган ибадатты, ага далалат кылган ар кандай сөз менен милдет кылып алуусу.

Кыянатчылык кылууну, назирди аткарбоону жана дүйнөгө берилүүнү айыптоо.

Эгерде акы ээси ал жөнүндө билген болсо, суралбастан эле күбөлүк берүү айыпталат, ал эми ал билбеген болсо, анда ал Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Силерге күбөлөрдүн эң жакшысын айтып берейинби? Ал – сурала электе эле күбөлүгүн алып келген адам» деген сөзүнө кирет. Муслим риваят кылган.

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 171) (2651).

Сахих Муслим (4/ 1964) (2535).

(3/ 1344) (1719).

Дагы (2)

النهاية في غريب الحديث والأثر (747).

نيل الأوطار (8/ 341).