Skip to content

Ким ажалы жете элек оорулуунун кабарын алып, анын жанында: "Улук Арштын ээси — Улук Аллахтан сага шыпаа берүүсүн тилейм!" — деп жети жолу дуба кылса, Аллах аны ошол оорусунан айыктырат.

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Ким ажалы жете элек оорулуунун кабарын алып, анын жанында: "Улук Арштын ээси — Улук Аллахтан сага шыпаа берүүсүн тилейм!" — деп жети жолу дуба кылса, Аллах аны ошол оорусунан айыктырат».

«مَنْ عَادَ مَرِيضًا، لَمْ يَحْضُرْ أَجَلُهُ فَقَالَ عِنْدَهُ سَبْعَ مِرَارٍ: أَسْأَلُ اللَّهَ الْعَظِيمَ رَبَّ الْعَرْشِ الْعَظِيمِ أَنْ يَشْفِيَكَ، إِلَّا عَافَاهُ اللَّهُ مِنْ ذَلِكَ الْمَرَضِ».

Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) минтип айткан: Эгерде бир мусулман ажалы жете элек оорулуу бир тууганын зыярат кылып, анын жанында: «Затында, сыпаттарында жана иштеринде улук болгон Арштын Ээси — Улук Аллахтан сага шыпаа берүүсүн тилейм!» — деп жети жолу дуба кылса, Аллах аны ошол оорудан сөзсүз айыктырат.

Хадистин пайдалары

Бейтапка бул дуба менен дуба кылуу жана аны жети жолу кайталоо мустахаб.

Эгерде чын жүрөктөн жана ыклас менен айтылса, жанында бул дуба айтылган адам Аллах Тааланын уруксаты менен айыгат.

Бул дубаны ичинен да, үн чыгарып да айтууга болот — экөө тең уруксат. Бирок бейтапка угуза айтуу абзел жана жакшыраак, анткени бул анын көңүлүн көтөрүп, кубаныч тартуулайт.

Булактар

Сунан Абу Дауд (5/ 22) (3106).

Сунан ат-Тирмизи (3/ 593) (2083).

Сунан ал-Кубра лин-Насааи (9/ 385) (10820).

Муснад Ахмад (4/ 40) (2137).

Сунан Абу Дауд (5/ 22) (3106).

Сунан ат-Тирмизи (3/ 593) (2083).

Сунан ал-Кубра лин-Насааи (9/ 385) (10820).

Муснад Ахмад (4/ 40) (2137).

Дагы (20)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 163).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص537).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 483).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (11/ 559).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 689).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 163).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص537).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 483).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (11/ 559).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 689).